www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вашингтон менен Брюссель «Боинг» («Boeing») жана «Аэробус» («Airbus») авиакомпанияларынын өз ара соода жаңжалынан улам киргизилген бажы төлөмдөрүн токтото турууга макул болушту.

Бул чечимден соң АКШнын президенти Жо Байден Евробиримдиктин Комиссиясынын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен айымга АКШ менен Европа Биримдигинин өнөктөштүгүн «оңдоп, кайра жандандырууга» өз убадасын берди. Ак Үй алардын телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы тууралуу 5-мартта атайын билдирүүсүндө маалымдады.

Тараптар Дүйнөлүк Соода Уюмунда «узактан бери созулуп келе жаткан бул талаш-тартыштарды жөнгө салуу максатында» биргелешип иш алып баруу жөнүндө макулдашканы билдирүүдө айтылат.

Байден менен фон дер Ляйен Кытай, Орусия, Беларус, Украина жана Батыш Балкан аймагына байланыштуу саясатты да камтуу менен «жалпы кызыкчылык маселелери» боюнча иш-аракеттерин биргелешип багыттоого макул болушту, деп Ак Үйдүн билдирүүсүндө кошумчаланды.

Ошол эле учурда, фон дер Ляйен айым Байден менен телефондон баарлашуусунан кийин жасаган өз билдирүүсүндө эки тараптуу мамилелердеги «жаңы башталышты» айгинелеткен окуя – бул эки тарап тең «Боинг» – «Аэробус» жаңжалын чечүүгө бел байлап жаткандыгы экенин белгиледи.

Европа Комиссиясынын жетекчиси фон дер Ляйен айым тарифтердин төлөмүнүн убактылуу токтотулушунун чаралары эки тараптын тең учактарына жана авиатехникалык эмес өнүмдөрүнө салынган акциздик төлөмдөрдү да камтыгандыгын белгиледи. Анын айтымында, төлөмдөрдүн мындайча убактылуу токтотулушу алгачкы учурда төрт айга созулмакчы. Бул мөөнөт маалында талашты чечүүнүн кийинки кадамдары такталууга тийиш.

Байден менен фон дер Ляйен, ошондой эле, COVID-19 илдетинин жайылышын токтотуу, дүйнөдөгү коопсуздукту чыңдоо, экономиканы туруктуу калыбына келтирүү, климаттык көйгөйлөрдү чечүү, дүйнөдөгү демократияны чыңдоо сыяктуу маселелерде да тараптардын өз ара кызматташтыгы жөнүндө талкуулашканы кабардалды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости