www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн аппарат жетекчиси-министр Жеңишбек Асанкулов «Кыргыз Республикасындагы мыйзам үстөмдүгү — 2-фаза» программасынын жетекчисинин орун басары Виктор Кесслер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул программаны ишке ашыруунун алкагында 2020-жылы республиканын бардык облустарында жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери үчүн «Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларын жергиликтүү бийлик органдарында колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу» темасында семинар-тренингдер өткөрүлгөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Административдик ишмердүүлүктүн жана административдик жол-жоболордун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына карата китеп-түшүндүрмө тапшырылды.

Аталган түшүндүрмө Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдарына жөнөтүлөт.

«Мамлекеттин укуктук системасын чыңдоо, жашоонун бардык тармактарында укук жана мыйзам үстөмдүгүн камсыздоо бийликтин бардык бутактарынын ишиндеги маанилүү багыт болуп саналат. Кыргыз Республикасынын өкмөтү бардык деңгээлде жогорку укуктук маданиятты калыптандырууга кызыкдар», - деп сөзүн жыйынтыктады Жеңишбек Асанкулов.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости