www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Джо Байден Нью-Йорк штатынын губернатору Эндрю Куомону кызматтан кетүүгө чакырды. Буга губернатордун сексуалдык ыдык көрсөтүү жоруктарын иликтөөнүн жыйынтыгы негиз болду.

Ошондуктан президент Байден губернатор Эндрю Куомо кызматтан кетиши керек деп эсептейт. Бирок Байден журналисттердин "эгерде Эндрю Куомо кызматтан кетүүдөн баш тартса, анда ага нью-йорктук мыйзамчылар импичмент жарыялай алышабы?" деген суроосун жоопсуз калтырды.

Нью-Йорк штатынын прокурору Летиция Жеймс 3-августта Эндрю Куомо боюнча иликтөө аяктаганын кабарлады. Тергөө анын бир нече аялга, алардын арасында колунда иштегендерге дагы сексуалдык ыдык көрсөткөн фактыларды аныктады. Мында губернатордон жабыркаган 11 аял тууралуу сөз болууда.

АКШнын мурдагы прокурору Жун Ким менен биргеликте иликтөө тобун жетектеген Энн Кларк айыптоо күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жана жөнөтүлгөн тексттер сыяктуу түз далилдер аркылуу ар кайсы деңгээлде тастыкталганын айтты. Тергөө тобу 179 адамды суракка алды. Анын ичинде губернатордун өзү дагы бар.

“Сурактардын жүрүшү жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү терең, кооптуу бирок так жагдайды аныктады. Эндрю Куомо учурдагы жана мурдагы мамлекеттик кызматкерлерге сексуалдык ыдык көрсөтүп, мыйзамдарды бузган” – деди Нью-Йорктун прокурору.

Көптөгөн аялдар Куомонун өч алуусунан коркуп, анын жүрүм-турумун айтпай келишкенин тергөөгө билдиришкен.

63 жаштагы Эндрю Куомо Нью-Йорк штатын 2011-жылдан бери башкарат. Ал Демократиялык пратиянын өкүлү. 2010-жылга чейин ал бул штаттын башкы прокурору болчу.

Өткөн жылы бир нече аял Куомону сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптап, арызданган. Ал айыптоолорду четке кагып, партиялаштарынын кызматтан кетүү сунушунан баш тарткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости