www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Валентин Богатыревдин кеңешине эч ким муктаж эмес

Акаев менен Бакиевдин заманынан бери Валентин Богатырев акыл үйрөтүүдөн тажабай келет. Эсиңиздеби? Ал тургай азыркы бийликке 500 жаштан турган элитаны түзүүнү сунуштаган. Алар башында эл сынына алынарын, анан кээ бирлери жасаган эмгегинин аркасында алдыга озуп чыгышат. Анан ошолор гана чыныгы саясаттын элитасы болоорун түшүнбөйбү?

Ал жакында эле Адил Турдукулов баштаган жаштарга акылдуу болгусу келгенин кантип түшүнсөк болот? Кыскасы, ал кооз сүйлөгөндөн тажабайт экен... Башкасын унчукпай эле коёлу, В.Богатырев "Алга, Кыргызстан" менен "Ак жолдун" идеологу болгонун унута элекпиз. Бул партиялар азыр кайда? Ал азыр көшөгө артында КСДПга кеңеш берип жатабы? Фарид Ниязов аркылуубу? Балким, мындай адамдар кандай бийлик келбесин "жашылдар" бар жерде булар дагы болушат. Суроолор толтура...

Эң башкысы, сиз Валентин Богатыревден кыргыз элинин биригүүсү, мамлекетти чыңдоо тууралуу пикирин уктуңуз беле? Мен уккан жокмун. Эмне үчүн ал бул маселелерди чечпейт? Жеке саясий позицияны таңуулоодон гана тажабайт. Чынын айтсам, анын кеңешине эч ким муктаж эмес.

Булак: Азия news гезити

Последние новости