www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байден Путинди эмнеге «киши өлтүргүч» деп атады?

АКШнын президенти Джо Байден журналисттин «Орусия президенти Владимир Путин киши өлтүргүчпү?» деген суроосуна «ооба» деп жооп кайтарды.

Байден ABC News каналына берген интервьюсунда Орусия бийлиги АКШдагы шайлоого катышуу аракети үчүн жакын ара чолодо жооп берээрин билдирди. Журналисттин «Путин үчүн анын кандай кесепети болот?» деген суроосуна Кошмо Штаттардын президенти «жакында көрөсүңөр» деп жооп кайтарды.

40 жылдан ашык саясатта жүргөн Джо Байден Путинди жакшы билип калганын, аны «сезими жок, мерез» катары санаарын кошумчалады.

Джо Байдендин маеги АКШнын чалгын кызматы 2020-жылдагы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүү аракети боюнча докладынан соң чыкты.

Эске салсак, 16-мартта жарык көргөн докладда Владимир Путиндин тапшырмасы менен орусиялык мамлекеттик органдар Кошмо Штаттардын президенттигине талапкер Жо Байденди каралап, анын атаандашы Дональд Трампты колдоого алган кампанияларды жүргүзгөнү баяндалган болчу.

Орусиянын Вашингтондогу элчилиги 17-мартта бул айыптоолорду четке кагып, «дагы бир негизсиз дооматтардын бири» деп мүнөздөгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости