www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров: «Жерүй кенинин иши токтобойт»

«Жерүй» кенинин иши токтобойт, деп билдирди президент Садыр Жапаров 17-мартта Жерүй кениндеги алтын иштетүүчү фабриканын ачылышында.

«Ооба, бул кырдаалга ыраазы (болгондор да - ред), нааразы болгондор да бар. Бирок иш башталып калгандан кийин биз кайра артка тартпайбыз. Андай кылууга азыр мүмкүнчүлүгүбүз жок. Учурда ири инвестициялык долбоор Орусиянын катышуусу менен салтанаттуу түрдө ачылып жатат. Бул долбоор Талас облусунун өнүгүүсүнө жана жалпы Кыргызстанга олуттуу салым кошот. Буга чейин эле бюджетке 1,5 млдр. сом түшкөн. Эми фабриканын ачылышы менен бюджетке түшкөн акча дагы көбөйөт. 1000ден ашык жумушчу орун түзүлөт. Анын 95% Кыргызстандын жарандары», - деди Жапаров.

Бул иш-чарага Орусиянын президенти Владимир Путин телекөпүрө форматында онлайн катышты.

Садыр Жапаров Жерүй кениндеги алтын иштетүүчү фабриканын ачуу үчүн бүгүн - 17-мартта Таласка барган. Өкмөттүн маалыматына ылайык сөз болуп жаткан кен иштетүүчү ишкана учурда 900 миллион сом салык төлөөдө. Фабрика ишке киргизилсе бюджетке төлөмдөрдүн көлөмү жылына 4 миллиард сомго чейин көбөйөт. Талас облусун өнүктүрүү фондуна жылына болжол менен 300 миллион сом түшөт. 1000 жумушчу орду түзүлөт. Бирок, бул кенди иштетүүгө жергиликтүү тургундар каршы чыгып, бир канча жолу нааразылык акциясын өткөргөн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости