www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байден Сауд Аравиянын королу менен сүйлөштү

АКШ президенти Джо Байден Сауд Аравиясынын Королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу «ТАСС» агенттиги жазды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Джо Байден эки тараптуу мамилени чыңдоо иштерин улантуу ниетин билдирип, аны мүмкүн болушунча ачык-айкын жүргүзүүнү сунуштады.

Мындан тышкары жакында Американын саудиялык активисттеринин бошотулганын баалап, адамзаттын укугу АКШ үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар жалпы кызыкчылыкка негизделген маселелердин үстүндө иш алып барууга макулдашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости