www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы Үсөнбаев көчөсүндө жайгашкан №3 үйдөгү бир батирдин ээси (аял киши) кармалды. Аны жашоочулар сойкукана уюштурган деп айыптап чыгышкан. Бул тууралуу Баракелде басылмасы жазып чыкты.

Бүгүн, 26-февралда Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 1971-жылы туулган А.З аттуу жаран кармалган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Милициянын маалыматына караганда, анын үстүнөн А.К аттуу жаран арыз менен кайрылган. А.К.нын айтымында, 2020-жылдын 22-июнунда А.З. жана башка адамдар кафенин жайкы террассасынан 14 желим отургучка зыян келтирип, арыз ээсине 35 миң сомдук чыгым тарткан. Жабырлануучу милицияга кайрылып, бул факт Жазык кодексинин 201-беренеси (Каракчылык) менен КЖБРга катталган.

«Мындан тышкары А.З. Жазык кодексинин 167-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен шектелүүдө. Тергөө учурунда А.З.нын башка кылмыштарга дагы тиешеси бар экендиги аныкталды. Ага карата Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык), 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон», - деп билдиришти РИИБден.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Үсөнбаев көчөсүндөгү бир нече батирде сойкуканалар уюштурулганы айтылган. Сойкуканалар 2000-жылдын башында ачылган. Ал жерде сойкулар кардарларды кабыл алышчу. Тургундар сойкукана уюштургандар менен 2000-жылдан бери күрөшүп келишкен жана айрымдарын жаптырууга жетишишкен.

Калгандары жашоочулар менен болгон бир нече жолку ызы-чуудан кийин сойкуларга жана алардын кардарларына батирлерди ижарага берүүнү уланта беришкен. Нааразы болгон тургундар милициядан жана жергиликтүү бийликтен бул көйгөйдү чечип берүүнү талап кылып, нааразычылык акциясына да чыгышкан. Соңку нааразычылык акциясы январь айынын аягында болгон.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости