www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Улуттук Университетинин жааматынын мүчөлүрү Кыргыз Республикасынын генералдык прокурору Зулушев Курманкул Токторалыевичке, Улуттук Коопсуздук комитетинин жетекчиси Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке жана экономикалык кылмыштуулукка каршы комитетинин жетекчиси Жапыкеев Сыймык Асылбековичке кайрылуу жолдошту.

Кайрылуу:

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын флагманы болгон Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин көйгөйлѳрү жылдан-жылга азайбастан, улам арбып келет. 2020-жылдын 24-декабрында бир нече факультеттин жааматынын мүчөлөрү ректор К.Ж. Сыдыковко кайрылып премиянын өлчөмүн көбөйтүүнү суранып кайрылышты, бирок ал акча жок, кайда барсаңар бара бергиле дегенден кийин айла жок, сиздерден жардам сурап кайрылууга туура келди.

Бизди, КУУнун жааматынын мүчөлөрүн төмөнкү маселелер тынчсыздантып жатат:

1. Профессор–окутуучу жааматынын айлык акысы төмөн, К.Ж.Садыков  ректор болуп келгенине үч жылдан ашты, ошол учурдан бери 2019-жылы  мугалимдерге гана 1000 сом кошулду, калган окуу процессин камсыз кылган кызматкерлерге эч нерсе кошулган жок, инфляция жылдан жылга күчөгөнүнө карабастан;

2. КУУнун материалдык-техникалык базасынын начардыгы. Жылына ректоратка деканаттар тарабынан бир нече жолу ал абалдан чыгуу үчүн кандай каражаттар керек экенедиги жөнүндө билдирмелер жазылат. Бирок, дээрлик көбү аткарылбайт;

3. Жылда окуу жылы башталганда жана анын аягында оптимзация жүргүзүлөт, бирок андан үнөмдөлгөн каражат кайсы жакка жумшалып жаткандыгы белгисиз. Жамаатка ачык-айкын финансылык отчет берилбейт, жалпыланган гана маалымат айтылат. Ошол себептен, сиздерден бюджеттен жана студенттердин контрагынан, гранттардан, арендадан ж.б. булактардан түшүп жаткан каражаттар кандай пайдаланылып жатканын тыкат текшерип берүүңүздөрдү суранабыз.

Төмөнкү каражаттар кандайча жана кайсы максатта сарпталып жатканы белгисиз:

Жылына КУУга бюджеттен жана контракттан ж.б. булактардан канча каражат түшөт жана туура пайдаланылуудабы?

Ректорат, бухгалтерия  жана пландоо-каржылоо бөлүмү канча айлык жана канча жолу премия алат;

КУУнун  бардык финансылык каражаттары (айлык, контрактык төлөмдѳр ж.б.) KICB банкына түшѳт, андан түшкөн дивиденттер канча жана кайсы максатта пайдаланылууда;

Жүргүзүлүп жаткан ремонт иштеринин сапаты жана ага жумшалып жаткан каражаттын тууралыгы;

КУУда жүргүзүлүп жаткан тендерлердин ачыктыгы жана тууралыгы;

КУУга которулуп келген студенттер айырма чыккан предметтер үчүн төлөгөн акчалары  кайсы жакка жумшалып жатат;

Убагында предметтерин тапшыра албай калган студенттер төлөгөн каражат мугалимдерге төлөнүш керек эле, бирок ал төлөнбөйт. Ал каражаттар максаттуу пайдаланылбай жатат (1 кредитке 500 сомдон ашык төлөйт);

Жатаканага төлөнгөн каражаттар кандайча пайдаланылууда;

Жатаканада КУУнун гана студенттери жана кызматкерлери жашайбы же башкаларбы?;

Жатаканалардын материалдык – техникалык абалы;

Пандемия убагында үнөмдөлгөн акча кандайча пайдаланылды?

Быйыл медициналык факультетке алынган чет элдик студенттер төлөгөн каражаттар канча жана кандайча пайдаланылууда. Факультет ачылып жатканда ректор  К.Ж.Садыков контракт 3000 доллар деген,  азыркы учурда 1000 доллар төлөнөт деп жатат?

КУУнун жетекчилигине бир нече кылмыш иши ачылган, бирок азыркы убакка чейин аягына чыга элек, ошол себептен ал иштерди кароону кайрадан жандандырууңуздарды суранабыз.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости