www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Мектеп, бала бакча жана башка билим берүүчү жайлардын жетекчилерин дайындоодо коррупцияга жол берилген учурлар бар», - деди бүгүн, 26-февралда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова. Бул тууралуу ал окуу жайлардын жетекчилери тууралуу уюштурулган талкууда билдирди.
«Бүгүнкү күнү эч кимге жашыруун эмес, билим берүү уюмдарынын баарына эле компетенттүү, кесипкөй жетекчилер дайындалып жаткан жери жок. Лобби бар, коррупциялык аракеттер да бар. Жүз пайыз кесипкөйлөр дайындалып жатат деп айта албайбыз. Ошондуктан, мыйзамдарга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө көп нерсе көз каранды. Өзгөртүү киргизүүнүн үстүнөн иштеп жаткан жумушчу топ учурда мына ушуну эске алып, ойлонуп жатабыз», - деп белгиледи ал.
Жусупбекованын айтымында, жетекчилер мезгил агымынан калышпай билимин өркүндөтүп турушу үчүн аттестациядан өткөрүлөт.
Булак: NazarNews.kg