www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын элчилиги Кыргызстандын ички саясатына аралашканга укугу жок. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов NazarNews маалымат агенттигине кечээ, 25-февралда билдирди.
--“Кыргызстанга чет өлкөнүн элчиликтеринин ички саясатка же өз ара иштерине кийлигишкенге акысы жок. Мына АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 2 жолу биздин өлкө тууралуу билдирүү таратты. Кандай болбосун бул биздин ички маселебиз, өз ара түшүнбөстүктөрүбүз. Алардын Кыргызстандын ички саясатка аралашканы туура эмес. Бул боюнча парламентте бир дагы сөз көтөрүлгөн жок. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен бирөө дагы башка мамлекеттин ишине кийлигишип, аралашкан жок. Андыктан биз дагы Кыргызстандын ички саясатына башкалардын аралашуусуна жол бербешибиз керек”, - дейт депутат.
Булак: NazarNews.kg