www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уран маселеси бизде тиш оору маселеси. Жапаровдун Москвага жасаган иш сапарынан бир аз мурда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Орусия Федерациясына иш сапары менен барып “Росатом” атом энергиясы боюнча мамлекеттик корпорациясынын башкы директорунун орун басары, эл аралык ишмердүүлүк блогунун директору Спасский Николай Николаевич менен жолугуулары болгон. Н. Спасский министр Б. Ажикеев менен жылуу учурашып, анын министрлик кызматында биринчи иш сапарын Росатомдогу жолугушуу менен баштап жатканына ыраазычылыгын билдирген.

Өз кезегинде министр Б. Ажикеев уран казуу өндүрүшүнүн таасирине кабылган аймакты калыбына келтирүүгө багытталган мамлекеттер аралык программаларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, аталган жолугушуунун жемиштүү болооруна ишеним арткан. Ошондой эле тараптар мамлекеттер аралык программаларды ишке ашыруунун жүрүшүн, атап айтканда, баардык иштер такталган графикке ылайык аткарыларын талкуулашты.

“Росатомдун” жетекчилиги КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги программаларды ишке ашырууда ишенимдүү өнөктөш болуп эсептелерин белгилеген. Мындан тышкары, тараптар кызматташуунун жаңы багыттарын: ядердик энергетика, ядердик медицинаны талкуулашкан.

Эки жыл мурун ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Москвага иш сапарга барган. Ошол кезде жашыруун уран тууралуу маселе көтөрүлгөнүн билип калган эл Кочкор району менен Тоң районунун чегиндеги Кызыл-Омполдо турган уран кени тууралуу маселе көтөрүп, бир заматта удургуп кетишкен. Уран маселеси кээ бир адамдардын көкүтүүсү менен Кыргызстанда абдан актуалдуу темага айланып, көпчүлүк соцтармактагы фейктер аз жерден экология боюнча эксперттерге айланып кетишкен.

Кыргызстанда урандын тарыхы же №151 мыйзам

Кызыл-Омпол уран кенинде кен издөө иштерин жүргүзүүгө лицензия берүүнүн тарыхына келсек, 2007-жылдан баштап Кызыл-Омпол уран кенине болгон кызыгуулар көбөйө баштайт. Ал кезде Дмитрий Медведев президент болуп турган Орусия Камбар-Ата-2 ГЭСинин аркасы менен 2 миллиард доллар насыя, 150 миллион доллар грант берүү тууралуу сүйлөшүүлөр башталат. Орусия тараптан 450 миллион доллар келип түшкөн соң, бул келишим бузулуп аткарылган эмес. Орусия Бакиевдик бийликти жээрип, 150 млн долларлык грантты жана 300 млн долларлык насыя бардыгы 450 млн доллар берген соң, калган 1 млрд 700 млн долларды берген эмес. Анткени, 2009-жылы президент Бакиев «Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун камсыздоо үчүн жалпы техникалык регламент жөнүндө» №151 КРдин мыйзамына кол коёт. Бул мыйзам айлана - чөйрөнү коргоо үчүн кабыл алынган. Мамлекеттин экологиялык коопсуздугун камсыздоо үчүн көп кендерди иштетүү үчүн тыюу салынган. Экологиялык коопсуздукту камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасында чарбачылык жана башка объектерде, юридикалык жана физикалык тараптардын иш-аракеттерине, долбоорлоруна, иликтөөлөрүнө жалпы талап коюлуп, калкка зыян келтире турганы аныкталса тыюу салынган. Бул мыйзамдын негизинде  Кызыл-Омпол уран кениндеги иликтөөлөр токтотулган.

Убактылуу Өкмөт бийликке келет. Көп өтпөй «Юр-Азия Кыргызстан» компаниясы ошол кездеги Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары мамлекеттин экономика жаатын тейлеген Алмазбек Атамбаевге тиешелүү жаратылыш ресурстар министри Кайрат Жумалиевдин бадырайта жазылган колу менен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө уруксат алган. 2010-жылы июнь айында кабыл алынган Конституция боюнча, ошол эле жылдын 16-октябрында парламенттик шайлоодон соң, СДПК фракциясы көпчүлүк коалицияны түзө албай калышат. Өмүрбек Бабанов жетектеген «Республика» партиясы көпчүлүк коалицияны түзүшүп, өкмөт башына Алмазбек Атамбаевди алып келишет. Кызыл-Омпол уран кенинде кен издөө иштерин жүргүзүүгө  2011-жылы ошол кезде кен иштетүү тарабын жетектеген Алмазбек Атамбаевдин өкмөтүнүн мүчөсү министр Замирбек Эсенаманов тарабынан лицензия берилген. Бирок, бул кургур Замирбек Эсенаманов кол койгонго жетише албай калган окшойт. Андан кийин болгон Учкунбек Ташбаев Бабанов өкмөт башынан кеткен соң куугунтукталып, камакты да көрүп келген, бирок уран кенине лицензияга кол койгон эмес. Ал кездеги президент  Атамбаев 2012-жылы өкмөт башчысынан Бабановду кетирген. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 2012-жылы сентябрда жаңы өкмөттү түзгөн. «Чу» дегенде эле чунуңдаган Чунуев  чукул аранын ичинде кимдир бирөөлөргө таянып, текейден арзан 300 сомдук лицензияларга кол коюп бере баштайт. Кызыл-Омпол уран кенине уруксатты 2012-жылы ал кезде Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев түзгөн өкмөттүн кен жана жаратылыш ресурстары министри ишенимдүү чунуңдаган  Ишимбай Чунуев колун бадырайта  коюп, лицензия берген. Арзан лицензия берүүнүн устаты Ишимбай Чунуев бир гана Кызыл-Омполдогу жерге лицензия берген эмес, ал көптөгөн кендерге лицензия берген, анын бири «Куттуу-Сайдагы» сейрек кездешчү кенге 300 сомго лицензия берген, аны 300 сомго мамлекетке акча төлөп алган канадалыктар, Канаданын Торонто шаарына биржага 410 миллион долларга акциясын коюшкан. Бул жерде мамлекетке 300 сом түшүргөн Чунуев канадалыктарга канча пайда түшүргөн? Балким, Чунуев тиешелүү адамдары менен бюджетке 300 сом түшүрүп коюшуп, өздөрү мындай кымбат баалуу кендерден «шапке» деген балакетти алгандыр? Болбосо, баланын оюнундай кылып, 410 миллион долларлык кенди 300 сомго кантип берсин? Кана ким алмашат 410 миллион долларды 300 сомго?

Атамбаевдин көзүн жалооруп карап жүрүп, жоктон тапкансып министр болгон Дүйшөнбек Зилалиев 2015-жылы уруксатты узартууга кол койгон. Зилзала жүрсө да силкинип койбогон Зилалиев бул орунга таштан чыккан жаракадай болуп бекер жеринен келген эмес, ал кимдир бирөөлөргө өтө зарыл керек лицензияларды узартып берүү үчүн гана келген. Лицензияларды узартып жүрүп Алмазбек Шаршеновичтин ишенимине кирип, май талкандуу жерлерде гана жүгүрүп, кийин Кыргыз өкмөтүнүн вице-премьер кызматын аркалап, миллиондорду бир тыйындай көрбөй миллиондор менен карта ойноп калганын, 2018-жылдагы анын үйүн мыйзамдуу тинтүү убагында белгилүү болду. Дүйшөнбек Зилалиев 2017-жылы жаңы президенттин инаугурациясына чейин эле вице-премьерликтен кеткен, инаугурация учурунда президенттер түшүп бараткан машинага «бомба» коюлду деп жалган маалымат тараткан.

(уландысы бар)

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости