www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Лунарага (аты өзгөртүлдү) М.Л. карата чечим чыгарды.

Соттун токтомундагы маалыматка караганда, Лунара порнография таркатууга айыпталган. Соттун токтому сот актылары жана сот отурумдардын электрондук базасында жарыяланган.

Тактап айтканда 2020-жылдын ноябрь айында Лунара элиталык көп кабаттуу үйдөгү батирде вебкам-студия (аралыктан интимдик кызмат көрсөтүүчү жай) ачкан. Ал студияны компьютер жана башка тематикалык шаймандар менен жабдыган жана белгилүү бир суммага АКШ жана Европадагы кардарлар үчүн жылаңач денесин көрсөтүп жүргөн. Кардарлар аны менен чет өлкөдө катталган эсептер аркылуу эсептешип турган.

Сотто Лунара күнөөсүн мойнуна алды.

Жыйынтыгында сот Лунараны Жазык кодексинин 130-беренеси (Порнографиялык мүнөздөгү предметтерди таратуу) боюнча күнөөлүү деп тапты. Ага ылайык Лунара 6 айга интернет аркылуу маалымат таратуу укугунан ажыратылды жана 30 миң сом айыпга жыгылды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости