www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байпак кийип уктоо пайдалуубу?

Түндө байпак кийип уктоонун пайдасы Кытай элдик медицинасынын дарыгерлерине  бир топ убакыттан бери эле белгилүү.

Окумуштуулардын айтымында, байпак кийгенде бут жылып, кан тамырлар кеңейет. Ал эми бул мээге уктоо керектиги тууралуу белги берет. Ошентип, адам тез уйкуга кетет, ары уйкусуздук тынчын албайт.

Жаңы изилдөө түндө байпак кийип жаткан адамдардын адаттагыдан 15 мүнөткө эрте уктай тургандыгын далилдеди. Мындан тышкары, байпак бут терисинин кургакчылдыгы менен күрөшүүгө да жардам берет. “Муздак энергия агымына тоскоол болуп, бутту жылуу кармайт.

Мисалы, жылуу ваннада булчуңдар бошоп, ырахаттансаңыз, ал эми муздак сууда денеңиз ичиркенет. Дал ушул принцип бутка да таасир берет. Сууктан кан токтоп калып, кийин ооруга алып барышы мүмкүн”, - деп эскертти кытай жана интегративдүүмедицина дарыгери Элизабет Траттнер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости