www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Добуш берүү үчүн өзүңүздү тизмеден тактап алыңыз

Кыргызстандыктар 119 номери менен өздөрүн шайлоочунун тизмесинде бар же жок экендигин тактап алса болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен маалымдады.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө карата телефон чалууларды кабыл алган бирдиктүү борбор иштейт. 24-ноябрдан тарта ага Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери тартылган.

"60ка чукул оператор тыным албай жана түшкү тыныгуусуз жарандар чалган телефондорду кабыл алат. Шайлоо күнү 8:00дөн 20:00гө чейин иштейт", — деп айтты ведомстводон.

Ар бир оператордун бир күндө 200гө чукул телефон чалууну кабыл алары болжолдонуп жатканын билдиришти. Номерге мобилдик телефондон чалса болот, тагыраагы, акча кетпейт, бекер.

Министрликтен шайлоо күнү телефон чалуулар жыл сайын өсүп жаткандыгын айтты. Рекорддук көрсөткүч былтыр, 4-октябрда катталып, операторлор 15 128 чалууну кабыл алганы кабарланды.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Анда 21 партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышат. Кыргызстандыктар 54 депутатты партиялык тизме, 36сын бир мандаттуу округ аркылуу шайлайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости