www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Джо Байден Капитолийдеги тополоңдун эки жылдыгына карата Ак үйдө сөз сүйлөп, сыртта турган журналисттерден качып кетти, деп жазат "Zamon.uz".

Президенттин артында журналисттер кыйкырган боюнча калып кеткен.

Байден журналисттер менен сүйлөшүүнүн ордуна, дем алыш күнү Делаверге жетүү үчүн тик учакка түшкөнчө шашкан. Бул көрүнүш Америка президентинин маалымат каражаттарынын суроолорунан атайылап качкан биринчи жагдайы эмес.

Кошумчалай кетсек, президент дем алыш күндөрүн Делаверде өткөргөн адаты үчүн көп сынга кабылды. CNN билдиргендей, Байден өзүнөн мурунку президент Дональд Трампка караганда көбүрөөк эс алат жана президенттик мөөнөтүнүн төрттөн бир бөлүгүн үй-бүлөлүк резиденциясында өткөрдү.

Республикачылардын ырасташынча, президенттин убактысынын 40 пайыздан ашыгы эс алууга кеткен. 

Американын 47-президенти Байден 1942-жылы туулган. Акыркы учурларда жыйындарда уктап калып же болбосо өзү менен өзү учура берчү адаттары пайда болду. Демек, Байденге карылык туу чокуга келип жетти. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости