www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Узаган 2022-жылдын жыйынтыгы менен жыл мыктылары белгиленди. Атты баскан басыгынан, эр жигитти кылган кызматынан тааны дешет элибиз. 

Анысы сыңары, тирүүлүктүн кубанычы элге кызмат кылуу. Эр жигиттин эмгегин эл жебейт. Элден калыс, элден өткөн тараза болбойт. Мындай кош сыйлыктарга ар ким эле ээ боло бербейт. Сыйлык жалкы, сыймык жалпы дегендей, эр жигит эмгегинен бааланат.

Мына калкка кылган кызматы, элге-жерге кылган эмгеги эске алынып, жыл жыйынтыгы менен Жогорко Кеңештин белдүү депутаты Искендер  Матраимов "Эл сыймыгы" наамына татыса, иниси Райымбек Матраимов "Эл уулу" аталды. Алар жетектеген Исмаил Матраимов атындагы кайрымдуулук фонду "Жылдын мыкты кайрымдуулук фонду" сыйлыгын жеңди.

Төмөндө бир тууган Матраимовдордун жыл жыйынтыгындагы сыйлыктары: 

Белгилей кетсек, буга чейин депутат Искендер Матраимов КМШ ПАА Кеңешинин Төрайымы, РФнын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрагасы Валентина Матвиенко Жогорку Кеңештин депутатын, Парламенттер аралык ассамблеянын (ПАА) Кеңешинин көзөмөлдөө-бюджет комиссиясынын жетекчиси, КМШнын мүчөсү Искендер Матраимов «Парламенттик кызматташтыкты чыңдаганы үчүн» медалы менен сыйланган. Анын айтымында, Искендер Матраимов парламенттер аралык уюмдун өнүгүшүнө чоң салым кошкон.

Эске сала кетсек,"Исмаил Матраимов" атындагы коомдук кайрымдуулук фонду "5 канал" , "Пирамида" телеканалы тарабынан “Жылдын мыкты кайрымдуу фонду” аталды.

Белгилүү инсан Райымбек Матраимовго “Пирамида” телеканалы 2022-жылдын “Эл уулу” наамын ыйгарды.

 Аны менен катар республикалык көп тармактуу “Жетиген” журналы Райымбек Матраимовго “Жылдын мыкты меценаты” наамын ыйгарды.

Кыргызстандагы “Зоболо” масс-медиасы “Эмгегим эл үчүн” алтын медалы жана “Жылдын мыкты камкор инсаны” Райымбек Матраимовду өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн сыйлады.

Ал эми Райымбек Матраимовго КРнын коррупцияга каршы "Элдик көзөмөл" бирикмесинин төрагасы Камил Умаров “Жылдын адамы” Ардак Грамотасын тапшырды. 

Бул жигиттти мен тааныбаймын. Эл арасында айтылып, элине жардам бергендиги үчүн биздин бирикме Райымбек Матраимовду “Человек года” деп атап, ага Ардак Грамота тапшырууну чечтик. Албетте «Баткен Кыргызстандын жүрөгү» фондунун уюштуруудагы жогорку жетишкендиктерин эске алдык. Алардын фонду жетим балдарга, спортчуларга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана студенттерге материалдык жардам, моралдык колдоо көрсөтүп келе жатат, - дейт КРнын коррупцияга каршы "Элдик көзөмөл" бирикмесинин төрагасы Камил Умаров.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости