www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Энергетика министрлиги келерки жумада күтүлүп жаткан кескин суук аба ырайына жана энергетика тармагынын туруктуу иштешин камсыз кылуу боюнча чараларга байланыштуу электр энергиясы өчүрүлүшү мүмкүн экенин эскертти.

Мекеменин маалыматына караганда, биринчи кезекте калкты, социалдык объектилерди электр энергиясы, көмүр, жаратылыш жана суюлтулган газ менен камсыз кылууга көңүл бурулат. Бул үчүн автогаз толтуруучу компрессордук станциялардын ишине киргизилген буга чейинки чектөөлөр күчүндө калып, ири өндүрүш ишканаларына кыскартылат. Ошондой эле ири объектилердин сутка ичиндеги электр энергиясын колдонуусуна чектөөлөрдү киргизип, үнөмдөлгөн 11-12 миллион кВт/саатты калктын керектөөсүнө жумшоо пландалууда.

Мындан тышкары энергетика тармагындагы ыктымал ири авариялардын алдын алуу жана электр энергиясын бардык керектөөчүлөргө бирдей көлөмдө жеткирүү үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын графиги боюнча жарыкты эки сааттан өчүрүп туруу каралууда.

Жылуулук электр станциялар ишин туруктуу улантышы үчүн аларга орточо эсеп менен күн сайын 49 миллион куб метрден жаратылыш газы берилет.

Энергетика министрлигининен белгилешкендей, ыктымал авариялардын кесепеттерин ыкчам жоюу үчүн электр жана газ менен камсыз кылуу ишканаларында күнү-түнү иштей турган миңден ашык атайын бригадалар түзүлдү.

Последние новости