www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын айланасындагы кырдаал Орусия менен Батыштын ортосундагы чыдамкайлыктын жарышына айланат. АКШ жана Европа Москвага каршы санкцияларды киргизүүгө байланыштуу чыгымдарды көтөрүүгө даяр болушу керек. Бул тууралуу АКШ президенти Джо Байден кечээ, 21-июнда Ак үйдө журналисттерге берген маегинде билдирди.

«Менин оюмча, бул качандыр бир убакта орустар эмнеге туруштук бере аларын жана Европа эмнеге туруштук берүүгө даяр экенине байланыштуу күтүү оюнуна айланат», - деди ал.

Ал Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун «Украинанын чарчоо бүт дүйнөгө байкала баштады» деген билдирүүсүнө токтолду.

«Менин оюмча, биз (жамааттык Батыш) [аталган чыгымдарды] көтөрүшүбүз керек. Биз бул тууралуу Испанияда [айдын аягында НАТОнун саммитинде] сүйлөшөбүз», - деди Байден.

Ошол эле учурда Америка лидери Орусияга каршы иштеп жаткан Батыш альянсы ансыз да экиге бөлүнүп калганынан коркпой турганын баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости