www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байден жиндиби же Путинби?

Орусиянын президенти Владимир Путин 2024-жылы март айында өтүүчү президенттик шайлоого катышууну чечти. Бул тууралуу “Рейтерс” агенттигине таянып "Азаттык" жазып чыкты. 

"Бул Путинге бийликте 2030-жылга чейин калуу мүмкүнчүлүгүн берет дегенди билдирет. Маалыматка караганда, Путин Орусияны соңку ондогон жылдардагы эң кооптуу абалдан "өзүм гана чыгарып кете алам" деп эсептейт. Бийликти 1999-жылы Борис Ельцинден өткөрүп алган Путин 7-октябрда 71 жашка толду. Ал үчүн шайлоо жөн гана формалдуулук. "Рейтерс" агенттиги жазгандай, эгер ал талапкерлигин койсо, маалымат каражаттарынын, мамлекеттик институттардын колдоосу менен сөзсүз жеңет. Буга өлкөдөгү башкача ойлонгондордун, сөз эркиндигинин чектелиши да таасирин тийгизет", дейт Азаттык.

Жамандыктын жарчысы болгон АКШнын сайты "Азаттык" РФ Президенти В.В. Путиндин канча жыл мамлекет башкарат өз иши же, АКШ менен Израилге окшоп Путин миңдеген мусулмандардын өмүрүн алып жатабы? 

Кремль 2024-жылдагы президенттик шайлоодо Владимир Путиндин кайрадан президент болушун дүйнө жүзүнүн аналитиктери билсе керек жана кайрадан президент болгонго татыктуу. Анткени Путин геосаясый жактан утту. Ал, АКШнын президенти Д.Байденге окшоп басаар жолун таппай, согуш болгон гана мамлекетке сапар тартып турса анда башка кеп эле. 

Дагы уялбай этпей "маалыматка караганда, алардын жаш курагы элүүгө чейин болсо, орусиялыктар 70 жаштагы Путин менен салыштырып, ойлорун кескин өзгөртүшү мүмкүн", деп кошумчалап коюпсуңар, соо же аңкоо эмес согуштун символу болгон Байдендин, бир буту көрдө, бир буту төрдө турган абышканын кылык-жоругун көрбөй жатканыңар таң эле калычтуу. 

Баса, Путиндин Байденге окшоп баскан жеринен чалынып кулап жүргөнүн кайдан көрдүңөр? 

АКШ дүйнө жүзүн клоундарга башкартып, өздөрү жөөттөр менен ээлегиси келет. Бактыга жараша АКШнын дагы күнү бүтүп бара жатат. Аз калды АКШ жалгыз калат. Себеби, тынч жаткан палестиналыктарды аткылаган эки мамлекетти дүйнө жүзү карап турбайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости