www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин 20 жаштагы тургуну Виктория Долотованын жансыз денеси табылганын Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Кыз 31-август күнү дайынсыз жоголгон. Ал саат 22:00дө үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Милициянын маалыматына караганда, 4-ноябрда Ботаникалык бакчада кыз өз жанын кыйганы тууралуу маалымат түшкөн.  Шаардык милициянын төртүнчү бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу 2003-жылы туулган Виктория Долотованын жансыз денесин жеринен табышкан.

Текшерүү учурунда денесинен эч кандай жаракат табылган эмес. Бул факт Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости