www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өз көрсөтүүлөрүндө АКШ өкмөтүн жана президент Джо Байденди тынымсыз сындап келген Такер Карлсон телеканал менен келишимди токтотту. Бул туурасында Fox News телеканалы өзүнүн пресс-релизинде жазган.
Маалыматка караганда “Мистер Карлсондун акыркы көрсөтүүсү өткөн жума күнү, 21-апрелде эфирге чыккан”.
Карлсондун жумуштан кетүү себептери айтылган жок. Ошондой эле кызматташтыкты кайсы тарап үзгөндүгү да белгисиз.
АКШнын Республикачылар партиясынын оң канатына таандык Карлсон Америка өкмөтүнүн ишмердигин тынбай сындап келгендиги менен белгилүү. Маселен, 2022-жылдын апрель айында Киевге бөлүнмөкчү болуп жаткан кезектеги каржылык жардам пакеттеринен күмөн санаганын билдирген. Андан көрө биринчи Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин финансылык ишмердигине аудит жүргүзүүнү сунуштаган эле.
Ал эми ноябрь айында тележурналист Карлсон АКШ өкмөтүн Украинадагы чырды узартып жибергендиги үчүн катуу сындаган. 2023-жылдын март айынын аягында Нью-Йорктогу чоң калыстын АКШнын мурдагы президенти Доналд Трампты күнөөлүү деп тапкан чечимине “саясый тазалоо” деген аныктама берген Такер Карлсон бүгүн ошентип жумушсуз калып отурат.
Ааламга сөз эркиндиги, журналистиканын бейтараптуулугун таңуулаган “башкы демократ” Сэм байкенин бул жүрүштөрүн кандай түшүнсө болот?
Булак: NazarNews.kg