www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Жозеф Байден Украинага барбайт жана ал жакка сапары пландалган эмес. Бул туурасында америкалык администрациянын маалымат катчысы Жен Псакинин айтканын РИА Новости жазды.

Эске салсак, бейшемби күнү Байден Киевге иш сапар менен барууга даяр экендигин билдирген. Бул туурасында Мэриленд штатында учакка отурар алдында пресса өкүлдөрү менен сүйлөшүү маалында айткан.

Кыскача диалог учурунда Байденден админстрация мүчөлөрүнүн бирөө-жарымын Киевге жиберүүгө даяр же даяр эмес экендигин сурашканда бул туурасында чечим кабыл алына электигин айткан. АКШ президентинен бул иш кимге жүктөлөрүн такташ үчүн балким өзү барарын айтып, кайрадан собол узатышканда "мен" деп жооп берген.

Pod Sace America ресурсуна бул суроо-жооптун подкасты чыккандан кийин Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псакиден "Байдендин Украинага барышы чын эле талкууландыбы?" деп сурашкан. Бул суроого Псаки "жок" деп жооп берген. Анын айтымына караганда, президент "баарына даяр", анын ичинен Украинага баргандан да баш тартпайт. Бирок ал жакка баруу туурасында кеп болгон эмес.

"Президентти Украинага жөнөтпөйбүз. Борис Жонсон (Британия премьери) Украинанын борборуна жетиш үчүн кармаш жүрүп жаткан аймак аркылуу, кыязы, поездде сегиз саат жүргөн окшойт. Силерге айтарым, бул АКШ президентинин планына кирбейт", — деген Псаки.

Буга чейин Ак үйдүн маалымат катчысы Байдендин Украинадагы геноцид туурасында сүйлөгөнү анын жеке пикири экендигин айткан эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости