www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байдендин жакындары эми Россияга кире албайт

Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлиги 200 америкалыктын өлкөгө киришине тыюу салды. Арасында АКШ президенти Жо Байдендин жакындары дагы бар. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Россияга кирүүгө тыюу салынгандардын катарында генералдар, Украинанын Коргоо министрлигинин америкалык кеңешчилери, АКШнын юстиция министринин орун басары, коргонуу ишканаларынын жетекчилери, Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер бар. Мындан сырткары 200 кишинин катарына АКШ президентинин бир туугандары Жеймс, Френсис жана Валери Байден кирген.

РФ ТИМинин санкциясына спутниктен сүрөт тарткан Maxar Technologies компаниясынын бир канча кызматкери дагы кирген. Мартта-апрелде Maxar Technologies компаниясы спутниктен тартылган сүрөттөрдү тараткан. Анда орус армиясынын кербени Донбасс аймагын көздөй баратканы жана Бучанын көчөлөрүндө жаткан сөөктөр көрүнгөн.

Тизмеге Украинадагы согуштун жүрүшүн жана орус командачылыгындагы жагдайды баярдап турган АКШдагы Согушту изилдөө институтунун (ISW) эксперттери, Politico басылмасынын редактору Мэттью Камински менен тарыхчы Энн Эпплбаум дагы кирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости