www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР президентине караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысынын орун басары менен маек.
-- Бүгүн коррупция менен күрөш барбы? Дагы кандай жолдорун тапса болот?
-- Коррупция мамлекеттин баардык тармактарында кеңири кулач жайган социалдык чоң оору жана жагымсыз жат көрүнүш. Бизде төрөлгөндө, бала бакчада, мектепте, ЖОЖдо, жумушка орношкондо, өз алдынча ишкердик кылганда, керек болсо адамды акыркы сапарга узатуу учурунда дагы коррупциялык көрүнүштөргө кептелишет.
Бул кыргыз коомчулугунда гана эмес, дүйнөдө болуп жаткан чоң көйгөй. Өзүңүздөр билгендей, Түштүк Кореянын мисалында айтсак, төрт президенти камакка алынып, бирөөсү өзүн өзү өлтүргөн учурлар катталган. Акыркы камакка алынган президент Пак Кын Хе айымдын дагы тагдыры татаал болду. Кыргызстанда мамлекет башчынын коррупцияга каршы саясаты жигердүү нукта башталган.
Мындан бир жыл мурун президенттин алдында ишкердик кеңеши түптөлүп, ажонун тыкыр көзөмөлүнүн натыйжасында инвестициялык климатты жакшыртуу аркылуу өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жол салып жатканы жакшы көрүнүш болду. Бир жагынан алганда, албетте, биздин мамлекет потенциалы абдан чоң өлкө. Биз ички саясаттагы, сот системасындагы нерселерди жөнгө салышыбыз керек. Эгерде соттор акыйкаттуу иш алып барышса, анда коррупциялык иштерге дагы бөгөт коюлмак.
Эл жана инвесторлор мыйзамга басым жасап, ишенимдүүлүк жана тазалык пайда болмок. Кыргызстанга кендирди кескен коррупция жаатында жол көрсөтө турган өрнөктүү мамлекеттер көп. Алардын бири Сингапур. Бул өлкө менен бирдикте тажрыйба алмаштыруу жаатында тийиштүү мамлекеттик кызматтагы адамдардын билимин өркүндөтүүчү программаларды иштеп чыгып, чет өлкөгө окууга жиберүүнү мамлекет жоопкерчиликке алышы керек деп эсептейм. Албетте, бул нерсенин натыйжасы бийик болот.
Коррупцияны түп-тамырынан жоготуу кыйын, бирок кыскартса болоруна терең ишенем. Коррупция дүйнөнүн биринчи экономикасы катары саналган АКШда дагы бар. Болгону ал боюнча жарандарга ар тараптуу пайдалуу маалыматтарды бөлүшүп, алардын аң-сезимине “коррупция алган же берген адам бул мамлекеттин чыккынчысы!” деген түшүнүктү беришибиз зарыл.
Мындан сырткары, мамлекеттик мекемелердин баарын заманбап жаңы технологиялар менен камсыздоо – замандын талабы. Албетте, бул дагы адамдык ресурстун жоктугунан коррупциянын кескин азайышына жол ачат.
Булак: Азия News гезити