www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 10-декабрда, Чүй облусунун Байтик айылында көп функционалдуу агроөнөр жай комплекси түптөлүп, капсула салуу аземи болду, иш чарада “Кыргыз Агрохолдинг” тарабынан аткарылган иштер жана айыл чарбасындагы жаңы демилгелер боюнча айтылды.

“Кыргыз Агрохолдинг” фермерлерди колдоо, агроөнөр жай кластерлерин өнүктүрүү жана ата мекендик продукциянын экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында түзүлгөн.

Төө буурчакты 95 сомдон сатып алуу жана экспорт. Талас облусунда төө буурчак баасы төмөндөп кетпеши үчүн “Кыргыз Агрохолдинг” продукцияны килограммын 95 сомдон сатып алып, азыркы учурда Бириккен Араб Эмираттарына, Түркия, Индия жана Иранга экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Мындан тышкары, өлкөдө заманбап төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкана куруу боюнча иштер башталды.

400 млн сомдон ашык киреше – кайра өндүрүшкө. Ишкердик багытында “Кыргыз Агрохолдинг” ири мүйүздүү малды, жылкы жана койлорду экспорттоо аркылуу 400 млн сомдон ашык киреше тапты. Бул каражат кайра айыл чарба өндүрүшүнө, кайра иштетүү тармактарына жеңилдетилген шарттагы инвестиция катары багытталат.

Бишкекте арзандатылган эт сатуу үчүн 11 түйүн ачылат. Элдин каржылык жүгүн азайтуу үчүн жакынкы күндөрү Бишкек шаарында 11 эт сатуу түйүнү ачылып, арзандатылган баада эт продукциясы сатылат.

2026-жыл: Чүй–Бишкек аймагында “Эт кластери” — 10 бирикме, 3% насыя. Келерки жылы Чүй–Бишкек аймагында пилоттук “Эт кластери” долбоору ишке кирет.

Анын алкагында, өндүрүү – кайра иштетүү – сатуу чынжырын камтыган 10 кластердик бирикме түзүлүп, аларга 3%дык жеңилдетилген насыя берилип, мал, тоют, таңгактоо, сактагычтар, авторефрижераторлор жана жүгүртүү капиталына колдонулат.

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу кыргыз жоокерлери толугу менен ата мекендик өндүрүлгөн азык-түлүк менен камсыздала баштады.

Ири долбоорлор: “Чүй агроөнөр жай аймагы”, Ысык-Ата районунун Нурмамбет айылында “Чүй агроөнөр жай аймагы” курулуп, анда: малдын терисин кайра иштетүүчү кластер, саркынды сууларды терең тазалоочу заманбап ишкана түзүлүп жатат.

Аткарылып жаткан иштер айыл чарбасын модернизациялоого, азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө жана фермерлердин кирешесин көбөйтүүгө багытталган.

Последние новости