www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бакай Абдымалик: «Бишкек шаарбы же айылбы?»

«Эрке» балдар-кыздар деги эле үлкөн чиновниктердин, депутаттардын, аткаминерлердин балдары болсо керек» - деп ойлодум. Бирок, кайра «арасында ишкерчилик менен кара-жанын карч уруп ийгиликке жетишкендери деле бар да» - деген ойго жеңдирдим. Мындай пикирин журналист Бакай Абдымалик өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Бишкек, маршрутка жана Капитализм...

Узак жылдан бери Талас шаарында жашайм. Коомдук транспортко дээрлик түшпөйм. Шаарга барсам такси менен барам. Анткени, бир чети тыгында тургум келбесе, экинчи себеби коопсуз шаардын камераларына түшкүм келбейт. Бирок, айтайын дегеним башка.

Жакында зарыл иштер болуп Бишкекте маршруткада жүрүүгө туура келди. Бир нерсени байкадым. Ойлуу көздөр... Бүркөө кабактар. Эмнегедир бактылуу экени жүзүнөн көрүнүп турган адамдарды байкаган жокмун. Көпчүлүктүн жакшы жашоодон үмүтү үзүлүп калгандай сезилди. Кийимдери да жупуну. Адеп жуула берип өзү да, кийими да эскирип кеткен сыяктуу, орто курактан өтүп чачы бурул тартып калган байке оор үшкүрөт...

Эл эмне мынча жүдөгөн - деп ойлонуп терезеге тигилем...

Заводдон жаңы эле чыккандай жалтыраган чет элдик машиналар... «Эне сүтү оозунан кете элек» болсо да, кымбат баалуу «Жолтандабасты» алкынта айдаган улан-кыздар. Кийинген кийими эле карапайым адамдын «жер кепесинин» баасын чапчыган, бир караганда биринчи кирпиги көрүнүп кымбат баалуу айфон телефонунун кулакчынынан узун кепке түшүп рулду илбериңки башкарган кирпикчен айымдар...

Тигил, «эрке» балдар-кыздар деги эле үлкөн чиновниктердин, депутаттардын, аткаминерлердин балдары болсо керек» - деп ойлодум. Бирок, кайра «арасында ишкерчилик менен кара-жанын карч уруп ийгиликке жетишкендери деле бар да» - деген ойго жеңдирдим.

Жык толгон маршруткага чуркап келип түштүк. «Эки кишиге» - деп жыйырма сом сундум.

Айдоочу: айылбы, шаарбы? Айтпайсыңбы?! - деп кыйкырды.

«Эмне кыйкырасыз нерв болуп» - дедим. Аңгыча Таежем «шаар ичи» - деп жооп берди.

Үндөгөнүм жок. Айдоочу деле жыргал жашоодон кыйкырып жатпаганын ойлодум.

Таласка келип жумушка чыкканда кесиптешиме, маршруткадагы элдин абалын айтып берсем, ал жөн гана «капитализм» - деди.

Чын эле элдин жашоосунун чоң ажырымы бир гана сөз менен түшүндүрүлөт. Бул - капитализм!», - деп кошумчалаган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости