www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттарында өз өлкөсүнө байланыштуу ар кандай чечимдердин кабыл алынышына таасир этүү максатында жарандардын чет элдик бийликтин өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүсүн кылмыш жоопкерчилигине тарта турган мыйзам бар (Логан актысы). Бул тууралуу Дмитрий Федоров өзүнүн баракчасына жазып чыкты.

Ага кошумча «Ал мыйзамга ылайык, «Кошмо Штаттардын каалаган жараны, кайда болсо дагы, АКШга байланыштуу чечимдерине таасир этүү же Америка Кошмо Штаттары менен ошол мамлекеттин ортосундагы талаш-тартыштарга кийлигишүү үчүн чет өлкөлүк бийлик органдары менен байланыша албайт. Мындай аракеттер федералдык оор кылмыш деп эсептелет жана үч жылга чейин эркинен ажыратылат, - деп жазып чыкты.

Тилекке каршы АКШнын Кыргызстандагы элчиси расмий эки жолу мамлекеттин ички саясатына кийгилишсе дагы, биздин расмий бийлик «кыңк» эте элек. ТИМ Руслан Казакбаев бийлик үчүн өлүп бара жатабы? Ой, кыргыздын азаматтары жок дегенде «persona non grata» — деген дипломаттык термин бар экен, интернеттен таап жаздык», деп АКШга үн катып койсоңор боло... же Дмитрий мырзадан сурап койсоңор боло, бай болгурлар! АКШнын элчиси Райымбек Матраимовдун ишине түздөн-түз бир беткей кийгилишип келет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости