www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында 2021-жылдын 1-мартынан 7-мартына чейин КР Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) жана Ага Хан фондунун кызматкерлери үчүн «Тренердик чеберчилик жана фасилитация көндүмдөр», «Коомдордун керектөөлөрүн биргелешип изилдөө», «Жергиликтүү аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы» темаларындагы тренингдер өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинен билдирди.

Тренингдер «CASA-1000 Жергиликтүү коомдорду колдоо» жана «Жергиликтүү коомдордун катышуусун жакшыртуу жана социалдык жоопкерчиликти жакшыртуу» долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында өткөрүлөт.

Окутуунун негизги максаты эки уюмдун кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу болуп саналат, анткени бул көндүмдөр максаттуу айылдардын жашоочулары менен иштешүүдө зарыл жана каалаган жыйынтыктарга жетишүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Тренингдердин жүрүшүндө кызматкерлер калктын ар кандай аудиториясы менен алардын курагына, жынысына, кызыкчылыктарына жана статусуна жараша иштөөнүн негизги ыкмалары, усулдары жана аспаптары боюнча квалификацияларын жогорулатышат. Ошондой эле айылдыктар менен биргеликте кантип алардын көйгөйлөрүн, керектөөлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө керектиги тууралуу көндүмдөргө ээ болушат. Ошондой эле отчетторду даярдоо жана тапшыруу боюнча ырааттуу окутуу өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда «CASA-1000» долбоорун ишке ашыруу башталган. ЭӨЧ каттамы чубалгы курулуп жаткан каттамга жакын жайгашкан калктуу пункттарды кесип өтүү аркылуу Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарынан өтүп Тажикстандын чек арасына чейин жетет. ЭӨЧ Аракеттенүү коридорунда жайгашкан бардык айылдар электр өткөргүч чубалгыларына (ЭӨЧ) жакын жайгашкандыгына, калктын санына, жакырчылык көрсөткүчүнө жана айылдын жаштарынын санына жараша тигил же бул колдоого ээ болушат.

Буга байланыштуу Кыргызстанда КР Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги тарабынан Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарынын 77 калктуу пунктун (36 айыл аймагы жана 5 шаар) камтыган «CASA-1000 Жергиликтүү коомдорду колдоо» долбоору ишке ашырылып жатат. Долбоор максаттуу айылдардын жашоочуларын жергиликтүү деңгээлде пландоого, чечимдерди кабыл алууга, ишке ашырууга, инвестицияларга мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө катыштырууга, ошондой эле потенциалды өнүктүрүү боюнча иш-чараларды өткөрүүгө багытталган.

АРИС тарабынан долбоорду ишке ашыруу: электр менен жабдууну жакшыртуу, социалдык инфраструктураны жакшыртуу жана киреше алып келүүчү объекттерди каржылоо боюнча үч багытта жүргүзүлүп жатат.

Эске сала кетсек, «CASA-1000» Кыргызстан, Тажикстандын энергетикалык системаларын Афганистан жана Пакистан менен байланыштырууга жана эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу үчүн механизмдерди иштеп чыгууга арналган.

Долбоордун алкагында зарыл болгон электр тармак комплексин жаңылоо, жаңы көмөкчордондорду жана жогорку вольттук электр өткөргүч чубалгыларын куруу пландалган, бул Кыргызстан жана Тажикстанга жай мезгилинде электр энергиясынын ашыкчасын Пакистан жана Афганистанга экспорттоого мүмкүнчүлүк бермекчи.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости