www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен, буга чейин Өмүрбек Чиркешович тууралуу анча мынча сын айтып калчумун. Жакындан бери оюм өзгөрдү. Өмүрбек Чиркешович биздин сыймыктуу уулубуз экенине ынандым. Убагында, Алмаз Атамбаев азгырып, туура эмес жолго түртүп 2010-жылдагы бийлик басып алууга үндөгөн.
Болбосо, Өмүрбек Чиркешович менен Курманбек Салиевич ага-ини, жердеш болчу. Ушул бузуку Алмас бузуп жүрүп мамилесин ажыратты.
Өмүрбек ака, биз сиз мененбиз. Бул бийлик дагы кетет. Көрдүңүз го өзүңүз, булар бузукулар. Мурдарак ойлонгонуңузда булардын суук колуна салып бербейт элек. Эми дагы кеч эмес, биз сизди коргоп, чогуу күрөшөбүз.

Урматтуу достор!

Келгиле, агабыз Өмүрбек Чиркешовичти колдоп, аны Атамбаевдин кысымынан сактап калалы. Кудайым буюрса эми кыргыз үчүн кызмат кылат.
Өмүрбек Чиркешович, биз сиз тараптабыз. Сынбаңыз, жакында сизди колдогон чоң күчтөр кошулат.

Урматтап Аскат Тейит иниңиз!- деген пикирин Аскат Тейит биздин редакцияга билдирди. Бирок, Аскат Тейит "биз" деп кимдерди айтып жаткандыгында бир тандем бардай...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости