www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэрияга таандык каттамдагы маршруттук таксинин айдоочуларын башка каттамда иштегендер коркутуп жатышат. Бул тууралуу Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык мекемесинин эки маршруттук линиясы бар.

«Бир линияда 15, экинчисинде 11 маршрутка бар. Алардын да артынан кубалап, коркутуп жатышыптыр. Ушуга чейин барышууда. Күч органдары алар менен иштеп жатат. Биз бүгүн эскертүү бердик. Болбосо өзүбүздүн базабызда линияларды түзүүгө мажбур болобуз», — деди Кудайбергенов.

Борбор калаада эки күндөн бери маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай жатат. Алар жол кирени көтөрүү талабын коюуда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости