www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маселе "Кумтөрдө" эмес, чиновниктерде. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов билдирди.
Анын айтымында, Канадалык компания менен жең ичинен сүйлөшүү жүргүзүп, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы шарттарды макулдашкан чиновниктердин жоопкерчилиги мыйзам чегинде каралышы керек.
"Кумтөр" кени ишке киргенден бери Кыргызстан 10 пайыздын тегерегинде гана алтын алат. Ал эми дүйнөдө мындай келишим жок. Маселе "Кумтөрдө" эмес, биздин чиновниктерде экен. Аткаминерлердин канча сомго сатыларын чет элдик компания билип алган. Кимдин кандай күнөөсү бар экенин билбейм, бирок мамлекеттик комиссиянын бизге айтып берген кабарлары бар. Мисалы, айрым аткаминерле 10 миллион доллардан кем эмес каражатка сатылышкан. Эгер ошол маалыматтар тастыкталса, бул маселени сөзсүз аягына чыгарыш керек. Азыркы бийликтин мүмкүнчүлүгү бар, эл колдоп турат. Күнөлүүлөр жооп берип, маселеге чекит коюу зарыл", - деди Нышанов.
Булак: NazarNews.kg