www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, чет элдик тыңчыларга катуу чара көрүүнү суранды. Себеби алар Райым Матраимовго окшогон мыкты жигиттерди каралап жатат дейт Райымкулов.

«Качан болбосун бөлөк мамлекеттин кызыкчылыгын колдогондор өкмөткө тийишип келет. Чет өлкөлүк агенттерге, тыңчыларына катуу чара көрбөсө болбойт. Эң коркунучтуулар ушулар. Гомосексуалдарды, адамды жылаңачтап элге алып чыгып жаткандар да ушулар. Райым Матраимовго окшогон кыргыздын мыкты жигиттерин каралап келишет. Андан көрө ошондой мыкты инсандарды командага кошуп иштете турган учур келди да. Мен сизден ушуну өтүнөм, катуу чара көрүш керек», — деп кайрылды Райымкулов.

Жыйынга катышып отурган УКМК төрагасы буга жооп берген жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости