www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн жаңы курамында гендердик тең салмактуулук камсыз кылынат деп, бул тууралуу 13-октябрда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров билдирди. «Жакын арада биз буга өзгөчө көңүл бурганга аракет кылабыз. Бул президент Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы. Бул багыттагы маселелерди оңдогонго аракет кылабыз», - деди ал.

Талкуу учурунда депутат Наталья Никитенко өкмөттүн сунушталып жаткан курамында гендердик тең-салмак жөнүндөгү мыйзам бузулганын айткан.

11-октябрда президент Садыр Жапаров өкмөттүн жаңы курамы жана түзүлүшү тууралуу мыйзамга кол коюп, 12-октябрда министрлер кабинетин кызматтан алган. Жаңы курам бүгүн парламентте талкууланып жатат. Сунушталган курамда бир гана аял бар экени сынга кабылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости