www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-октябрда саясий туткун Кенжебек Абишев түрмөдөн чыкты. Шаршемби күнү эртең менен Заречныйдагы түрмө кызматкерлери аны Алматы облусунун Жамбыл районундагы үйүнө жеткиришти. «Кишилердин жана ЖМК өкүлдөрүнүн топтолушун каалаган жок окшойт. Анын үстүнө аларга Баш прокуратурадан комиссия келе жатат», - деди түрмө администрациясынын аракетине баа берген Кенжебек Абишов.

Белгилей кетсек, буга чейин жергиликтүү активисттер аны Заречный шаарчасындагы ЛА-155/14 түзөтүү мекемесинин алдынан тосуп алууну пландган. Бирок активисттер барганга чейин аны үйүнө алып кетишкен.

27-сентябрда Капшагай шаардык соту «терроризм үчүн үгүттөдү» деген айып менен соттолгон Кенжебек Абишевди шарттуу түрдө бошотуу чечимин кабыл алган. Ал жазасынын калган бөлүгүн – 2 жыл 4 ай 20 күнүн – эркиндиги чектелген шартта өтөйт.

Казакстандык укук коргоочулар Кенжебек Абишевди саясий туткун катары тааныган. Казак бийлиги - өлкөдө саясий туткундар жок экенин айтып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости