www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев кесиптеши Дастан Бекешевдин Акылбек Жапаров тууралуу айтканына нааразы болду.

«Дастан, иним, кыргызда жакшы сөз бар: «Ичкен кудугуңа түкүрбө», - деген. 2007-жылы Акылбек Үсөнбекович менен Каржы министрлигине келгенде, министрликтин кандай болгонун билесиң. Анан кандай кылып өнүктүргөнүн жакшы билесиң. Андан сырткары, айтпай турган нерсени айттырып жатасың, Акылбек Үсөнбекович сен үчүн айлыкты көбүрөөк алсын деп министрликте бөлүм ачып берген. Андан сырткары, 2010-жылы «Ар-Намыс» менен шайлоого бара жатканда тизменин башында болчусуң. Бир аксакалды кетирип, сени депутат кылган. Албетте, бул кудайдын буйругу менен, бирок себепчи болгон. Ошондуктан Дастан, мага, Акылбек Үсөнбековичке көп тийишесиң. Шайлоо алдында ар нерсе боло берет. Бирок, иним, ошолорду унутпачы», - деди Маматалиев.

Дастан Бекешев унутпаганын жана унутпай турганын айтты. «Ошон үчүн колдоп жатам. Бирок кээ бир мыйзамдарды, идеяларды колдобойм. Ошону айтып жаткам. Катуу айтсам кечирип койгула»», - деди Бекешев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости