www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сахнада өзүн абдан ээн-эркин сезген, башкалардан өзгөчөлөнгөн “фирменный” бийи бар, тамашакөй, шайыр ырчы мырза ал – Бактыяр Токторов. Ал кайда барбасын айланасындагы адамдарды кубанычка бөлөп, жан дүйнөсүндөгү чыгармаларын чын дилден аткарып берет. Мына ушул каарман бүгүнкү менин маектешим. 

- Бактыяр мырза, акыркы учурда концертте көп ырдабасаңыз да, той-топурга байма-бай барып турасыз. Буга канаттанасызбы?

- Сөзсүз түрдө. Биздин мамлекетте концертте эч кандай акы төлөнбөйт. Ырчылардын баардыгы тойдон тапкан акча менен үй-бүлөсүн багып, ыр жаздырып, клип тартышууда ошол үчүн мен буга канаттанам.

- Кайсы жерде болбосун сиз ар дайым жандуу үн менен ырдаган ырчы катары сизди билем. Бул чындыкпы?

- Ооба. Кайсы жерге барбайын жандуу үн менен ырдайм. Жандуу ырдаган мага абдан жагат. Айрым учурда өзүм ырдын текстин унутуп калсам да, кырдаалдан чыгуу үчүн өзүмдүн фишкаларымды колдонуп коём.

- Жыйырма жети жылдан бери сахнада төрүндөсүз. Концерт берсеңиз же тойго барсаңыз да баягы эле ретро хит ырларыңызды ырдап жүрөсүз. Эмнеге жаңы ыр чыгарбайсыз? 

- Мындан эки жыл мурун “Биз” тобунун жеке концертине карата “Дүнүйө”, “Дос-душманым” аттуу жаңы ырларды жарыкка чыгаргам. Андан бери чынында жаңы ыр чыгара элекмин. Концерт же той боло турган болсо жаңы ырымды эмес, эски ырларымды элдер суранып жатканда ырдабаганга айла жок.

- Эмнеге клиптериңиздин саны аз же клип тартууга кызыкпайсызбы?

- Биз жаңыдан ырдап чыгып баштаганда азыркыдай сюжеттүү жакшы клиптер жок болчу. Клип сыяктуу же сүрөттөр менен куралган видеолор гана бар. Алгачкы клип сыяктууларыбыз же клипке окшош видеолорубуз "Адина", "Туулган күн" деген ырларга тартылган. Ал видеолорду Кызыл-Аскер району хит болуп жатканда, ошол райондон тартып койгонбуз.

- Жеке концертиңизди ушул убакка чейин канча ирет бердиңиз? Кыргызстанды толугу менен кыдырып чыгууга жетиштиңизби?

- Борборубузга саналуу гана жеке концертти тартууладык. Көпчүлүгү топ менен гана өткөн. Ал эми башка региондорго абдан көп жолу бердик. Эң алгачкы жеке концертибиз 1992-жылы Баткен шаарында өткөн. Кыргызстанды толугу менен кыдырдым деп айта албайм. Себеби, көпчүлүк учурда түштүккө суроо-талап көп болгондуктан, бүгүнкү күнгө чейин көп каттап турам. Түштүктү толугу менен кыдырдым десем болот. Ал эми түштүктү Кудай буюрса кыдырып калаарбыз.

- “Биз” тобунун көпчүлүк ырлары сизге таандык эмеспи. Эргүүнү кайдан аласыз?

- Ооба, бардык ырларды өзүм жазам. Баардыгы жашоодо алынган. Жарык дүйнөгө келгени он кызды катуу сүйгөм. Бирок, эч кимисин "кидать" эткен эмесмин. Аларга арналган ырлардын баардыгы хит болду

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

 

 

Последние новости