www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттике өз талапкерлигин койгон Сариевдин күлкүлүү кадамы...

Кечээ жакында Бишкекте “Мамлекет, саясат жана жоопкерчилик” аттуу тегерек стол болуп өттү. Катышуучулардын арасында мурдагы өкмөт башчысы Темир Сариев, парламенттин мурунку депутаттары Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров жана Асия Сасыкбаевалар жана башкалар отурушту.

Тегерек столдун форматы жана курамы эч кимди таң калтырган жок. Саясат тануучу Игорь Шестаков “бул жолугушуу өзүн-өзү көрсөтүү,  өздөрүнүн бар экендигин элге бир сыйра эскертүү үчүн гана уюшулгандай”- деген пикирин билдирди.

- Бул жерге президенттик шайлоодо өзүн сынап көргүсү келген саясатчылардын бир тобу чогулду. Арасында өзү жалгыз барбаса да бара тургандар менен чогуу болгусу келгендер да жүрөт. Ушундай  жол менен өздөрүн массалык маалымат каражаттарынын жана коомчулуктун эсине салгысы келди. Алардын ичинде эң эле бир татыктуу жана чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ бул - Ахматбек Келдибеков. Бир гана ага олуттуу көз караш менен карашыбыз керек. Ал эми Темир Сариевдин бул жолугушууда пайда болушу таң калтырды. Анткени, ал башка бир саясий топто жүрдү. Ташиев, Мадумаровтор менен жакындыгы жок эле. Буларга жана Келдибековго Сариев ар дайым оппозиция болчу - деди Шестаков.  

Игорь Шестаковдун айтымында экс-премьер-министр Темир Сариевдин өлкөнүн Түштүгүнө  колдоого ээ болуусу чоң күмөндү жаратат. Түштүктүк саясий элитанын жанында бир аз олтуруп сүйлөө Сариев үчүн ыңгайсыз  абалдан чыгуу жолу болушу мүмкүн. Чынында бул ыкма эффект алып келбээри турган иш.

-Бул көрүнүш эң эле аз дегенде күлкүлүү көрүндү. Ахматбек Келдибеков менен саясий биригүү жөнүндө сөз боло элек болсо да алардын арасына кыпчылып кошулуп алуу күлкүнү келтирет. Мындай жол менен Сариев Түштүк элинин баасына татыгысы келсе анда бул болбогон нерсе, чоң жанылыштык -деди Шестаков.

Кандай болгон күндө да азырынча шайлоо алдындагы күрөштө алдыга озуп чыкчулар көрүнбөйт. Бардыгы бирдей шартта келе жатат.

- Келдибековго кененирээк токтоло турган болсок, ал жетиштүү деңгээлдеги мыкты саясатчы. Оппозициялык даражасы боюнча Ташиевке окшоп ал забордон секирбейт. Албетте, Келдибековко колдоо көрсөтө турган айрым саясий күчтөрдүн бар экендигин биз унутпашыбыз керек. Азыркы болуп жаткан көрүнүштөрдүн баарын ал тесттен өткөрүп сынап жатат. Келдибеков талапкерлигин жарыялай элек жана аракет да кыла элек. Кандай мамиле кылат деп жөн гана кырдаалды изилдеп турат. А элдин мамилеси анча эмес. Келдибековго да Сариевге да, бул иш-чарага да мамиле анчалык терең эмес. Азыр элди мурдагыдай алдай албайсың. Калк баарын жакшы түшүнүп турат. Бул тегерек стол шайлоо алдындагы популизм экенин эл даана көрүп турат. Жоопкерчилик боюнча айтылган сөздөргө - жолугушуудагы бардык кыйындарга, анын ичинде Сариевге, ал Премьер-министр болуп турганда өзүнүн жасаган иштерине же  кырдаалга карата жоопкерчиликти алуусуна  эмне тоскоол болду экен? – деген кызыктуу риторикалык суроо салды Игорь Шестаков.

Кандай болгон күндө деле бийликтеги партия же болбосо ага баш ийген күчтөр өз талапкерин чыгарган күнү баары белгилүү болот. Ошондо гана күчтөрдүн жайгашуусу  жана мүмкүнчүлүктүн келечеги жөнүндө сөз кыла алабыз.

 tuz.kg  малымат агенттигине шилтеме жасап "Кабар инфо" гезити басып чыкты.

Последние новости