www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Жолдош генерал, Жогорку Кеңеш офицердик курамдын аскерде кызмат өтөө курагын капитандарга 45, майорлорго 50, подполковниктерге 53, полковниктерге 55 жашка чейин узартууну караган мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Министрликтин бул сунушка көз карашы кандай?

- Бул канча жылдардан бери каралып келаткан меселе. Биринчиден, мамлекетте мыйзамдар бүт күч түзүмдөрүнө бирдей болушу керек. Бүгүнкү күндө мисалы, “ички иштер министрлигинде полковниктер 55 жашка чейин кызмат өтөй алат” деп турат. А бизде, куралдуу күчтөрдө 53 жашка чейин. Мындайча айтканда, 52 жашка толгондо пенсияга кетиши керек. Эмне үчүн мындай? Ошондуктан, мыйзамдарды иретке келтириш керек да.

Мыйзам баарына бирдей болууга тийиш. Бул бир жагынан. Экинчи жагынан, 52-53 жашында полковниктер кетип калып атат. Эми элестетип көрүңүз, 52 жашыңызда сизди “болду, пенсияга кет” дегенин?

Мен 52 жашымда кеткем пенсияга. Ушунча билим алып (үч жогорку аскердик билимим бар), тажрыйба топтоп, ден соолук бар, күчүмдү мамлекетке бере турган кезде пенсияга кеткеним туурабы? Ошондуктан, азыркы сунушка биз да кошулабыз. Мен бул кызматка жаңыдан келгенде эле ошол маселени көтөргөм.

- Бюджетке оорчулук келбейби?

- Бюджетке анчалык көп таасир деле болбойт. Эмне үчүн дегенде, бүгүн кадрлардын дефицити болуп атпайбы. Жаш офицерлер, улук лейтенант, капитандар кетип атышат. Себеби, азыркы жаштар биринчи кезекте материалдык, каржылык жагын карашат экен. Ал эми подполковник, полковниктер бул жумушка көнүп калышкан, бул ишсиз өздөрүн элестете алышпайт. Ошолордун баары кала берет. Бюджетке эч таасир этпейт. Азыр канча бош орундар бар? Ошону караш керек да.

- Азыркы жаштардын арасында аскердик кесипке кызыгуу кандай?

- Тилекке каршы, төмөндөп баратат. ОДКБнын ичиндеги мамлекеттерди эле карасак, айлыктары бизден жогору. Бюджетибиз көбөйсө, кызыгуу да жогорулайт, мен буга ишенем. Экинчиден, биз социалдык жагына көбүрөөк көңүл бурушубуз керек. Турак жай менен камсыздоо боюнча да көп сунуштарды даярдап жатабыз.

Булак: Азия News гезити

Последние новости