www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктүн ишмердүүлүгүнө айтылган сын пикирлер көбөйдү. Ал кишинин киреше-чыгашасы жок иш алып баруулары, өтө чоң жоопкерчилигин талаага чачып отурат. Негизинен Теңгиз Бөлтүрүктүн ишмердүүлүгүнө ал жетектеген “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингине мамлекет башчысы Жапаров өзгөчө талаптарды коюшу шарт. Анткени ал кишиге өтө чоң жоопкерчиликтин баары жүктөлгөн.Жакында «Бөрү» болгон Бөлтүрүк жаңы кеңсеге көчүү боюнча пикирин билдирди. Анын айтымында, жаңы кеңсенин ижара акысы 50 миң доллардан жогору.

«Депутаттар «Учкун» ААКтын имаратына барышса жакшы болмок, анын абалын көрүшмөк. Бул имарат «Кумтөрдүн» 250 кызматкерине тура келчү эмес, андан тышкары «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» холдингинде дагы 150 адам иштейт. Инвесторлордун алдында уят болгонубуз үчүн көчүп кеттик. Чакан кабинетте төрт-беш киши отурушту. Бул компанияга миллиардер инвесторлор келет. Алар эки ажаткананын ортосундагы отургучка отурушчу. Жаңы кеңседе ижара акысы 1 чарчы метри 17 доллар болсун деп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Башка бизнес борборлордо ижара баасы 23 доллардан 28 долларга чейин. Алардын бири да беш миң чарчы метрди бере алган жок. Эми Садыр Нургожоевич бизге жер бөлүп берет, жаңы имарат салабыз. Долбоорлорубузду ишке ашырып, анан элди бир аз тынчытуу үчүн имарат салалы деп жатабыз», - деп бежиреп атат Теңиз Бөлтүрүк.

Бүгүн жумушчу орун түзүү, ошол эле кенди президент убада берген шарттарда иштетүү, жаңы инвестицияларды тартуу жана башка олуттуу стратегиялык максаттар алдыга коюлган. Иш жүзүндө биз жеңил, куру саясатташтырылган пиар кампанияны көрүп жатабыз. Ал киши токой чарбасына барып машина берип жатат, концерттерди уюштурууда. Кайрымдуулук иш-аракеттерди алып барууда.

Кандайдыр бир маңызы жок “тегерек үстөлдөрдү” уюштурганын көрүүдөбүз. Ал холдингдин ар бир тыйыны өлчөнүп, өтө сарамжалдуулук менен эффективдүү пайдаланылышы керек деген максатты көздөп жатканбыз. Эгер ал спорттук, маданий иш-чараларды өткөрө турган болсо, ошол иш-чараларды уюштурган мамлекеттик ыйгарым укуктуу бийлик бутактары эмне иш-аракет кылат анда?

Ошондуктан кылып жаткан иш-аракеттери кылдат, дыкат иликтениши зарыл. Буга чейин канча убакыт өтсө да, Теңгиз Бөлтүрүк жетектеп келаткан Кумтөр, ошол эле жаңы холдингдин киреше-чыгаша бөлүктөрүн мындай ачык көрө элекпиз. Жалпыланган суммалар гана айтылат. Ал эми ким чечим кабыл алып, иш кандай жүргүзүлүп жатат – ал тууралуу жалпы кыргыз эли эмес, Кыргызстандын казынасын карай турган финансы министрлиги да жооп бере албай жаткандыгы өтө кооптуу жагдай жаралганы тууралуу маалымат берет. Себеби, биздин бюджеттин каражаты атайын бекитилген негизде гана сарпталышы зарыл. Финансылык саясат жүргүзө турган учурду токтотушубуз керек.

Теңгиз Бөлтүрүк каражатты каалашынча сарптап, каалагандай кадр саясатын жүргүзүп, каалагандай чыгашаларды өзүм билемдик менен алып барып жаткандыгында. Бир иши буга далил болуп өттү – президент менен, министрлер кабинетинин төрагасы менен дагы эч бир макулдашылбаган имаратка көчүп кеткендегиси. Бүгүнкү күндө буга канчалык негиз бар эле?

Керек болсо сырттан, Канададан келген ошол “Центерра” дагы “Учкунда” эле канча жылдан бери иш алып барган. Анан биз өзүбүзгө алганда борбордон бизнес класстагы имаратты алуусу канчалык актуалдуу? Бүгүнкү күндө ал каражатты дагы жумушчу орундарын түзүүгө сарптаса туура болмок. Ошондуктан миң ишинин бир иши коомдо ушундай резонанс жаратты.

Бардык ишин ачыктаганда, маселе кабыргасынан коюлушу толук ыктымал. Теңгиз Бөлтүрүктүн жүргүзүп жаткан иш-аракеттерин, ар бир айтып жаткан сөзүн, жасап жаткан иштерин тыгыз анализдешибиз керек. Маселен, бир гана чыгаша-киреше эмес, Кумтөрдүн эртеңин жана алдыда болуп жаткан стратегиялык 36 долбоордун келечегин да тыкыр иликтөөгө алышыбыз абзел.

Анткени ал киши башкарган холдингге өтө көп стратегиялык бюджетти камтуучу долбоорлор берилген. Анын баарынын тагдыры кандай чечилип жатканын коомчулукка ачыктап беришибиз керек. Теңгиз Бөлтүрүктүн ишине баа берип тура турган атайын индикаторлорду дагы мамлекет тарабынан иштеп чыгышса болмок. “Мурун жана азыр кандай болуп жатат?” дегендей салыштырмалуу таблицалар болсо жарашмак.

Мисалы, коомчулукта буга чейин Кумтөрдү “Центерра” башкарып келгенде кандай актуалдуу маселер болсо, азыркы күндө сырттан башкарууга алган Теңгиз Бөлтүрүктүн ишмердүүлүгү дагы күн тартибинде актуалдуулугун жогото элек. Демек, ошол ишмердүүлүгүнө жараша олуттуу маселелердин чечилишинин таблицасы менен жооп алсак болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости