www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Сууда изделип жаткан 27 жаштагы жарандын денеси табылды

Бүгүн, 1-июлда, Кара-Сууда үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп, изделип жаткан 27 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, издөө иштерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 7, Кара-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн жалпы 17 куткаруучу тартылып, саат 09:58де маркумдун сөөгүн Ак-Буура – Араван каналынын жээгинен табышып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эскерте кетсек, 28-июнь күнү Төлөйкөн айылынын тургуну 1995-жылы туулган А.уулу Б. үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз болуп, изделип жаткан. Кийин анын унаасы жана кийимдери аталган каналдын жээгинен табылган.

Булак: NazaNews.kg

Последние новости