www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вашингтон Украинага кошумча жардам катары 800 миллион долларлык курал-жарак берет. Бул тууралуу АКШнын президенти Жо Байден НАТОнун Мадриддеги саммитинен кийинки басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жардамдын алкагында Киевге ракетадан коргонуу системалары, кошумча артиллерия менен ок-дарылар жана артиллерияга каршы радарлар берилет.

"Биз Украинаны канча керек болсо ошончо колдойбуз. Путин биздин Альянска жик салып, аны алсыратам деп ойлогон. Бирок чынында тескерисинче болду. Ал НАТОну "финляндиялаштырам" деп ойлогон, бирок Финляндия "НАТОлошту", – деди Байден.

АКШнын президенти Швеция менен Финляндиянын кошулушу менен НАТОнун чек арасы 800 миляга чейин кеңейе турганын кошумчалады.

Мадриддеги саммиттин декларациясына ылайык, аскердик альянстын лидерлери Финляндия менен Швецияга НАТОго мүчө болууга расмий чакыруу жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алышты.

Москва НАТОнун чыгышты көздөй кеңейишин Украинага басып киришинин себептеринин бири катары көрсөтүп келет.

Булак: NazaNews.kg

Последние новости