www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Колуң менен жасаган иштерди, моюн менен тартасың» деген кеп бар. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү же ал өкмөткө кийин кошулгандар июнь айында жасаган булганыч иштери боюнча жаап –эжашырына баштады. 2010-жылдагы Июнь окуясына байланыштуу бир топ эксчиновниктерге кылмыш иштери козголгон. Азырынча камакка алуулар боло элек. Бирок Кубатбек Байболов чет өлкөгө чыгып кеткен боюнча келбей, саясатты сырттан акмалап турат. Кубатбек Байболов сыртта Амеоикада жүрүп суук колун 7-апрелден баштап сунгандардын катарына кошулбайт. Аны чакырып келишип коопсуздук жагын тейлетишкен. Кубатбек Байболов Июнь коогалаңында Жалал-Абад облусунун коменданты, кийин ИИМди, башкы прокуратураны жетектеген. Бул жерде Уьактылуу өкмөттүн «албан-албан эмгектери» жатканын Байболов түшүнүп турат. Ал мурда эле июнь окуяларында Алмазбек Атамбаевдин жоголуп кеткени тууралуу айтып жүргөн. Байболовдун сыртка чыгып кеткен себеби, бүгүнкү бийликтегилер менен келишпеген карама-каршылыгы бар окшойт. Бекер жерден куугунтукка алынбайт эле да, туурабы?

Ош окуясы чыккан маалда Убактылуу ѳкмѳттʏн Коргоо министри туулган күнүнө той ѳткѳзʏп, мамлекет жетекчилери той ʏстʏндѳ чалчактап, “тансы” тээп турган убак болгон. Эске салсак ошол тойго кеткен чыгымдар эмгиче төлөнбөй, ресторан ээсинин көздөрүнөн жаш төгүлүп жүрөт. Ошол кезде  Ош, Жалал-Абадда жарандар кырылып жаткан... Эӊ биринчилерден болуп Оштун мэри Мелис Мырзакматов ДЗОТко тѳшʏн тосуп, тѳгʏлʏп турган канды кечип, атылган октон жалтанбай, эки элди жараштырып жʏргѳндѳ Атамбаев каякта эле? Ошол мезгилдеги кʏч органдарын жетектеп турган Кубат Байболовдун айтуусунда: “Атамбаев июнь окуялары башталганда 7 кʏн боюу “Форумда” бекинип жатып алган”. “Таппасаӊ сыйпалап кал”,  мамлекеттеги экинчи адам, мамлекет согуш абалында турса 7 кʏн эмес, 7 мүнөт жок болуп кетсе, Сталин чекеге аттырып салмак. Отунбаева Сталин эмес, бирок, эмне себептен ушундай оор кырдаалда жок болуп кеткени ʏчʏн Отунбаева жок дегенде биринчи орун басарына сѳгʏш бербеди? Кагылайын калыӊ журт, калк башына кʏн тʏшкѳндѳ, кандай журт ээси башын калкалап жатат? Бул жерде эки версия бар. Биринчиси, той учурунда “высокопоставленный” мамлекеттик жетекчи ашыкча “майрамдап” алып, “психикалык комага” тʏшʏп калышы толук мʏмкʏн. Невропатологдордун айтуусунда алкоголдук ичимдиктен соӊ “психикалык комага” тʏшкѳндѳр (орусча “запой”), бул “оорудан” айыгуу ʏчʏн туура 7 кʏн керек. Экинчиси, Ош окуяларын угуп алып, эл тынчыганча коркуп 7 кʏн бекинип жатты. Эгер андай болсо эл кечирбейт, эл башына кʏн тʏшкѳндѳ жашынып жатып алганы  болбойт. Бирок, ушундай “каармандыгы”  ʏчʏн  президент Отунбаева кечирмек түгүл “Манас” орденин тапшырып койгонун эл жактырган жок, андан көрө сөгүш берип койсо болмок. Баса, Ош окуясы учурунда от менен чокту кечип жүргөн Мырзакматовго “Манас” орденин бермек түгүл жакшы сөз ыраа кылышкан жок. Ал жалпы элге дух берип, кыргызга кастыгын тилеп тургандарды тынчтандырган. “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде”-дейт, Мырзакматовго окшогон эр жигиттер бекинип жатып алганда, анда эмне болот эле? Жок, Мелис мырза кантип жатып алсын, элди чатакташтыруу оӊой, ал эми чатакташкан элди жараштыруу Мырзакматовго окшогон жигиттердин колунан гана келмек. Жашынып жатып алган Атамбаев эки элди жараштырам деп барса, аны кѳчʏккѳ тээп кубалап чыкмак. Элди жараштыруу ʏчʏн, эл арасында Мырзакматовдой кадыр-баркы болуш керек. Мырзакматовдун мындай эрдиги ʏчʏн жогорку наам кѳрсѳтʏшʏ керек эле. Жок, “Жоо кеткенден кийин кылычыӊды ташка чап”.

“Тѳѳ кыядан ѳткѳн” соӊ, кыргыз ʏчʏн кыпындай иш бʏтʏрбѳй, жашынып жаткан Атамбаевге “Манас” орденин беришип, ал эми Мелис Мырзакматовдун артынан аӊдып жʏрʏшʏп, акыры Оштун мэринен мыйзамды бузуп алып тынышты. Аны менен жөн калган жок эл кыйналып турганда Ош мэри болуп туруп айлыгын көтөрүп жибергени үчүн кекенип калгандар анын артынан куугунтуктап жүрүп, сыртынан жети жылга кесип тынышты.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

 

Последние новости