www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Доскул Бекмурзаевге эскертүү берилди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров энергетика министри Доскул Бекмурзаевге оозеки эскертүү берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин депутаттардын арыздарынан кийин Жапаров Бекмурзаевдин жоопкерчилигин кароону убада кылган.

Белгиленгендей, 30-июнда министрлер кабинетинин башчысы Доскул Бекмурзаевди иш бөлмөсүнө чакырып, аны менен «түшүндүрүү маеги» өткөргөн.

Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында бир катар депутаттар Энергетика министрин сынга алып, анын чабал ишин көрсөтүшкөн. Ошондой эле Бекмурзаевдин ишмердүүлүгүн иликтөө үчүн атайын комиссия түзүү сунушталган.

Буга жооп катары министр айрым депутаттар жеке максаттарын көздөп жатканын билдирди. Тактап айтканда, анын айтымында, вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев тууганын жумушка алууну суранган. Ал мындай жол менен депутаттар андан өч алып жатат деген оюн айтты. Сыдыгалиев өз кезегинде министрдин айыптоосун четке какты.

Ошондой эле депутаттардын энергетика тармагындагы кризис боюнча суроолоруна жооп берип жатып, Доскул Бекмурзаев энергетика тармагынын бюджетинде эмгек акы төлөөгө акча жок экенин айтты.

Депутат Акбөкөн Таштанбеков Чүй облусунун Ысык-Ата районуна 100 даана тирөөч мамыларды өз каражатына сатып алганын билдирди. Бирок, анын айтымында, аларды жергиликтүү бийлик түзө албайт. Эл өкүлү бул маселени көзөмөлгө алуу өтүнүчү менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылган.

Жооп катары министр Доскул Бекмурзаев парламентарийден баштаган ишин аягына чыгарып, бул мамыларды орнотуу үчүн акча төлөп берүүнү суранды.

«Бизде бюджетте 7,5 миллиард сом жетишпей жатат, айлыкка, капиталдык оңдоого акча жок. Прокуратура бизди эки айдан бери текшерип жатат, ар бир тыйын текшерилип жатат, жетекчилер бир сом болсо да короткондон коркушат», - деди министр.

Кыргызстандын энергетика тармагы өлкөнүн эң карызы бар тармактарынын бири. Акыркы 15 жылда өлкө энергетикалык долбоорлорго дээрлик 2 миллиард доллар насыя алган, анын көбү Кытайдан. 2021-жылдын 1-декабрына карата энергетикалык компаниялардын тышкы жана бюджеттик кредиттер боюнча карызы 136,2 миллиард сомду түздү.

Булак: NazaNews.kg

Последние новости