www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков 14-октябрда Баку шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) 7-жыйынына катышуу учурунда Казакстантын мурунку президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.

Жолугушуу Баку шаарына учуп бараары менен Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортунда өттү.

Маалыматтарга ылайык, “бисмилла” дегенде эле Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы болуп шайланышы жана Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени менен сыйланышын куттуктады. Орденди тапшыруу бүгүн, 15-октябрда, ТТМКК жыйынында болот.

Мындан сырткары президент Сооронбай Жээнбеков дагы бир жолу Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү, союздаштыкты жана ынак кошуналык мамилелерди орнотууда жана бекемдөөдө Нурсултан Назарбаевдин жеке салымын белгиледи.

Казакстандын 1-президенти Нурсултан Назарбаев кайрадан жолугушуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болуп жатканына кубанычта экенин баса белгиледи. Ал мамлекет башчыларынын кызматташууну жана ынак кошуналык мамилелерди тереңдетүүгө багытталган бардык аракеттерин колдой турганын белгиледи.

Ошондой эле аталган жолугушууда эки жана көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн жана өнөктөштүктүн түрдүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну күчтөтүүнүн маанилүүлүгү да айтылган.

Эске сала кетсек, Казакстандын “алмашкыс президенти” аталып келген Нурсултан Назарбаев ушул жылдын 19-мартында ыйгарым укуктарын тапшырып жаткандыгы жөнүндө жарыялаган. Назарбаев Казакстанды республика эгемендикке ээ болгон биринчи күндөн тарта алмашпай башкарып келген.

Назарбаев быйыл 79 жашка чыгат, ал Казакстандын өлкө башчылык кызматын 1990-жылдын апрелинен тарта аркалап келген. 2015-жылы аны мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо бешинчи президенттик мөөнөткө кайра шайлашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости