www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Улуттук энергохолдинг» ачык акционердик коомунун жетекчиси Бакыт Сыдыков суу азайган циклдин аягына чыга электигин белгилеп, «Токтогул» гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 2022-жылы 5,5 млрд. куб метрге чейин азайышы мүмкүн экенин айтты. Сыдыков бул кырдаалдан чыгуунун жолдорун сунуштады.

«Азыр ушул бойдон кете берсек, эч кандай кадамдарга барбасак кийинки жылы 1-апрелге карата 5,5 куб метрге түшүү коркунучу бар. Биринчи кадам - өкмөттүн күз-кыш сезонуна даярдык токтомуна өзгөртүү киргизип жатабыз. Эски токтом боюнча Бишкек жылуулук электр борборунан 1 млрд. 200 млн. киловатт өндүргөн болсок, эми кошумча 2 млрд. 100 млн. өндүрүшүбүз керек. Азыр бул иштер башталды. Андан сырткары импорт боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Казакстанга өткөн жума делегация барып келди. Алар баасын бир аз көтөрүп жатат, биз былтыркы менен калтыргыла деп жатабыз. Товар алмашуу боюнча 900 млн. киловатт саат келишим бар. Муну суу менен кайрып беребиз», - деди Сыдыков.

«Улуттук энергохолдинг» ачык акционердик коомунун жетекчиси Бакыт Сыдыков Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында маалымат берүүдө. Сыдыковдун айтымында, суунун көлөмү 5 млрд. куб метрге жеткенде гидроэлектр станциянын ишин токтотууга туура келет.

«Токтогул» гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 2021-жылдын 22-февралына карата 9,897 млрд. куб. метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын сайтында кабарланды.

2020-жылдын дал ушул датасында кампадагы көрсөткүч 12,745 млрд. куб метр болгон. Былтыр Кыргызстандагы бир катар коомдук уюмдар «Токтогул» суу сактагычында суу кескин азайып кеткенин билдирип, бул кышында жарыктын өчүрүлүшүнө алып келерин эскерткен.

Уюм акыркы жылдары суу сактагычтагы суу белгисиз жагдайда агызылып келгенин, натыйжада жылына 5-10% кемип турганын билдирген.

Белгилей кетсек, экс-президент Сооронбай Жээнбеков былтыр жайында «Биринчи радиодогу» маегинде аба ырайына байланыштуу суу сактагычтарда суу аз топтолгонун, бул алдын ала божомолдонгонун маалымдаган.

Өлкөдө бийлик алмашкандан кийин да өкмөт өкүлдөрү кыш мезгилинде электр энергиясын үнөмдүү пайдаланылбаса жарык маал-маалы менен өчүрүлөрүн эскертишкен. Ушул күндөрү ар кайсы жерлерде жарык өчүрүлүп жатканы кабарланууда. «Токтогул» суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу өкмөт күз-кыш айларында коңшу Казакстандан кошумча электр энергиясын сатып алууда.

Расмий маалыматтарда айтылгандай, 2017-2018-жылдары «Токтогул» ГЭСиндеги суунун көлөмү күз-кыш мезгилине 19,2-19,6 млрд. куб метр менен кирген. 2019-жылы жайда 16 млрд. куб метр суу болсо, күзгө чейин ал 17 млрд. куб метрге жеткен.

2007-2008-жылдары «Токтогулдагы» суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Суу 6 млрд. куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертишет. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости