www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Жалал-Абад электр" ишканасы тоонун башында ат баса албай калган жерде белден келген калың карды малтап аба чубалгыларын текшерип жүргөн электриктердин видеосун жарыялады.

Маалыматка караганда, 20-февралда жааган кардан улам Токтогул районунун Сары-Камыш айылында жарык өчкөн. Учурда "Толук" көмөк чордонуна кеткен жол жабык болгондуктан энергетиктер ат менен текшерип жүрүшөт.

Узундугу 73 чакырымды түзгөн аба чубалгылары Сары-Камыш жана Нарын облусунун Жумгал районунун үч айылына электр энергиясын жеткирет.

"Эки электромонтёр ат менен Толук айылынан Сары-Камышты көздөй, ал эми эки бригада Сары-Камыштан Толукту карай текшерип келе жатышат. "Жалал-Абад электр" ААКтын Токтогул районундагы жогорку чыңалуудагы жабдууларды тейлөө бөлүмүнүн кызматкерлери автоунаа жүрө турган жол жабылгандыктан Төө-Ашуу тараптан Жумгал району аркылуу жолго чыгышкан", — деп айтылат маалыматта.

73 чакырымдык аба чубалгы тоону аралай тартылган. Бул айылдарда ноябрь айында автоунаа жүрө турган жолдор жабылып калат. Аталган айылдарда 270 абонент бар.

Булак: NazarNews.kg
 

 

Последние новости