www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев бүгүн, 16-январда КР экономика министри Санжар Муканбектов, Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов, “Кыргыз унаакурулуш” заводунун директору Абды-Манап Кудайбердиев жана тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Бакыт Төрөбаев: «Ошто чыгарыла турган унаалар Кыргызстандын брендине айланып, ЕАЭБдин алкагында жана дүйнө жүзүнө жайылат. Андыктан, Өкмөт унааларга Кыргызстандан өндүрүлгөнүн тастыктоочу пин кодду бериши керек», экендигин айтып өттү.
Анда, жогорудагы маселелер ишкерлер үчүн узак убакытты, бир катар көйгөйлөрдү жаратып келгендиктен, эл өкүлүнүн демилгеси менен жумушчу топ түзүлдү. Аталган жумушчу топтун курамына Экономика министрлигинин, Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жана “Кыргыз унаа курулуш” заводунун өкүлдөрү киришти.
Депутат Бакыт Төрөбаев: “Ата мекендик өндүрүштү колдоого алып, инфраструктура, коммуникация, жеңилдетилген насыяларды берүү жана өндүрүлгөн продукцияларды сатуу маселелерин чечүүдө Өкмөт ар дайым ишкерлерге көмөк көрсөтүшү зарыл” - деп баса белгиледи.
Булак: NazarNews.kg