www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өтө эмоцианалдуу жазылган: Гүлнара Каримова да, Дарига Назарбаева да президенттин кыздары катары «тойбостук» жагынан өз мамлекети эмес дүйнөгө атагы чыккандар. Каримов өлөөр менен Гүлнаранын дүнүйөсүн чачканы аз келгенсип, өзү камалып жатат. Назарбаев аны көрүп кызын Токаевден кийин мамлекетти башкаруу үчүн жол чаап жаткан. Дариганын өз күйөөсү Рахат Алиевди Назарбаев артынан түшүп жок кылган. Күйөөсү өлгөнүнө Дариганын көзүнөн жаш тамчылаган эмес. Бирок уулу Айсултан атасына ыйлап жүрүп көз жумган. Эми Дариганын көзүнөн жаш тамчылай баштады. Себеби аны үлкөн кызматынан кубалап түшүштү. АКШнын вице-президенти Камала Харрис алжып, өлө турган чал Жо Байдендин -эркектин өлүмүн тилеп турат, ал өлсө президент болору бышык.
Ушундай саптарды жазган Байдыкемдин «Бала эле төрөгөнү болбосо, балталап салчу адам экен» деп аялдарды тамашалаганы ушул себептен улам жазылса керек. Олимпиадалык резерв окуу жайынын жетекчиси Каныбек Сагынбаев аялдар менен мушташканды жактырат. Жакында Юнусалиев көчөсүндөгү кафелердин бирине келген коноктор мушташа кетти. Милиция бул окуя боюнча “бейбаштык” беренеси менен иш козгогон. Иликтөө ишинин жүрүшүндө шектүү катары Каныбек Сагынбаев аттуу 1985-жылы төрөлгөн адам милиция бөлүмүнө алып келинип, суракка алынган. Тергөөнүн алкагында экспертиза дайындалып, ден соолукка жеңил зыян келтиргени аныкталган. Учурда тергөө иштери уланууда. Аял менен мушташкан жаран бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев экенин жазышты. Белгилүү бильярдчы Каныбек Сагынбаев 2021-жылдын февраль айында Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резерв окуу жайынын жетекчиси болгон. Ал дүйнөнүн үч жолку (2007, 2010, 2014-жылдардагы) чемпиону.
Үч жашар кызын албууттанып турган аюунун алдына таштаган өзбек аялдары бар. Кыргызстанда болсо аялдар эч качан өз балдарын аюунун алдына таштабайт, жаман мамиле кылбайт. Бизде жалпысынан үй чарбачылыгына аялдар күнүгө 290 мүнөтүн бөлсө, эркектер 44 мүнөтүн бөлөт. Айыл жеринде аялдар 325 мүнөтүн, эркектер 43 мүнөтүн коротсо, шаарда эркектер 45 мүнөтүн коротушуп, аялдар 243 мүнөтүн коротушарын статистика бекемдеди.
Шариятта экинчи аял алуу кандайдыр бир көйгөйдү чечкен учурда гана туура деп эсептелинет. Ал эми азыр болсо көп аял алуунун өзү көйгөйгө айланды.Коомдун оңолушуна биринчи кезекте аялзаты таасир тийгизет. Аял кандай болушу керек, баланы кантип тарбиялашы керек, өзүнүн жубайына кандай мамиле кылышы керектигин улуу муундардан үйрөнүп алышат. Күйөөсүнө жакшы мамиле кылуу, үй-бүлөнү сактоо, татыктуу баланы тарбиялоо - аялдын негизги милдети экенин билишет. Өзү ынтымак деген нерсе биринчи орунда турат. Жакшы жашоо үчүн, албетте, ынтымак керек.
Атынча аялдарга тиешелүү маселелердин бири - көп аялдуулук. Негизи көп аял алуу бул көйгөйбү же көйгөйдү чечүүнүн жолубу? Көп аял алууга исламда уруксат берилген. Шариятта экинчи аял алуу кандайдыр бир көйгөйдү чечкен учурда гана туура деп эсептелинет. Ал эми азыр болсо көп аял алуунун өзү көйгөйгө айланды. Экинчи аялды алуудан мурда анын жол-жобосун билүү керек жана ал нерсе кандайдыр бир уруксат менен чечилиши керек. Өзү бул уруксат жубайларды бактылуу кылуучу нерсе, бирок биз аны туура эмес түшүнгөндүктөн бул нерсе бактысыздыкка алып барууда.
Акыркы мезгилде атынчалардын арасында да ажырашуулардын көбөйгөндүгү айтылат. Кээде ата-энелер "мен балама оромол оронгон кыз алып берем", деп жоолукчан кыз алып бергени менен, жаңы үйлөнгөндөрдүн пикири бири-бирине дал келбей, алар ажырашып кетүүдө. Үйлөнүүнүн да өзүнүн максаты болот эмеспи. Биз негизи эле ошол максатты билбестен үйлөнүп же үйлөнтүп коёт экенбиз. Ошондуктан биз өзүбүздүн тажрыйбабызга таянып кыз-келиндер үчүн үй-бүлө курууга даярдык боюнча атайын курс ачылып окушат. Бирок эркек балдарыбыз мындай нерсени окубагандыктан курсту бүткөн кыз-келиндер менен тил табыша албай жатышат. Ошондуктан эми эркек балдарыбыз үчүн да курстарды ачууну, аларды окутууну пландаштырышыбыз керек.
Кыргызстанда мусулман эркек жана аялдар талак маселесин кандай түшүнөт? Себеби, бат эле үйлөнүп, бат эле талак берип ажырашкандар көбөйүүдө. Себеби, талак эмне экенин билбеген, түшүнбөгөндөр аябай көп. Ачуу сүйлөп койсо эле үч талак берип салгандар андан көп. Өзү үй-бүлө курууну оңой ойлогондор аз эмес. Кээ бирлери Орусияга кетип, ал жактан бирөөнү таап, анан аялына талак беришет. Молдолор нике кыйып жатканда бул маселени айтышы керек. Ата-энеси да баласын үйлөнтүп жатканда ага үч талак эмне экенин түшүндүрүшү зарыл. Бирок азыр ата-энелердин өздөрү талак эмне экенин түшүнбөйт.
Талак делген нерсени эркектер аял жаңыртуу үчүн колдонуп жаткандай. Бул аябай көйгөйлүү маселе. Өзгөчө бай адамдарга кыздарыбыз оюнчук болуп жатат. "Карайм, багам" деп алдап, жашыруун нике кыйып алып, убактылуу жашагандан кийин бир-эки жылда талагын берип айдап жиберишүүдө, анан кайра эле башкасына үйлөнүшөт. Мындайлар абдан көп. Кыздарыбыз колдон-колго өтүүдө. Ушул нерсе кайра эле экинчи, үчүнчү, төртүнчү аял алуу маселесине алып келүүдө. Анан дагы Кудайдын айтканын кылбаган, намаз окубаган эркектер экинчи, үчүнчү аялды алууда мусулман болуп калууда, "мага уруксат берилген" деп айтышууда. Ушуга түрткөн ата-энелер да бар. Алар өздөрүнүн кыздарын күйөөсүз калгандан көрө байга тийип, бала төрөөгө үгүттөшөт. Бала төрөсөң кетпейт, сага үй алып берет дешет. Бирок үй да жок, башка да жок. Керек болсо баланын атасынын атынан туулгандыгы тууралуу күбөлүк албай калышууда.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg