www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жоопкерчиликтүү ата-эне уят киного баласын ээрчитип барбайт!
Клиникалык психолог Ольга Грузбергата-энелердин кинолор тууралуу суроолоруна жооп берди.
Балам 6 жашта. Кээде "16+" тасмаларды көрөт. Психикасына зыян эмеспи?
6 жашка чейинки баланын психикасы зордук-зомбулук, кандуу жана сексуалдык сценаларды кабыл алууга даяр эмес. Айрыкча, сезимтал балдар катуу таасирленип, түнүчүндө уктай албай, коркуп, ыйлап чыгышат.
"16+", "18 +" болсо эмне болуптур? Баары бир эч нерсе түшүнбөйт. Мен тыюу салганда күндө деле бекинип көрүп алат.
Бала экранда эмне болуп жатканын түшүнбөйт, демек, анда реакция (өйдөдөгү жоопту караңыз) болбойт дегенди билдирбейт. Бул жерде сөз кичинекей балдар жөнүндө болуп жатат. ал эми өспүрүмдөр каалаган тасмасын уруксаты жок деле жашынып көрүп алат, аларга тыюу салуунун эч кандай мааниси жок. Бирок, балаңыз кандай кино көрүп жатканын билишиңиз керек. Эң мыкты чечим - бул чогуу кино көрүү
Балама белгилүү бир кинону же мультфильмди көрбө десем укпайт. Азырынча эрте экенин кантип туура түшүндүрсөм болот?
Биринчиден, сизге ата-эне катары кинолордун кандай жерлери жакпайт, тактап алыңыз. Мүмкүн ал кино сиз үчүн акылсыз же пайдасыз көрүнөт? Жыныстык катнаш барбы? Ырайымсыз согуш көрсөтүлгөнбү? Каармандар салттуу эмес жыныстык мамиледеби? Эмнеден коркосуз: ал кино же мультфильм балаңыздын жүрөгүн түшүрүп же жагымсыз жүрүм-турумга үлгү болот деппи? Же балаңызда сиз жооп бере албаган суроо пайда болушу мүмкүнбү? Тынчсызданууңуздун себебин билгенден кийин гана балага кантип түшүндүрүү керек экени айкын болот.
Катуу тыюу салсаңыз, уурданып барып классташынын үйүнөн көрүп алышы мүмкүн. Баарынан жакшысы, чындыкты айтканыңыз: "Бул тасманы көрбөй эле койгонуң туура деп ойлойм, сени коркутуп же уялтып коюушу мүмкүн. Кааласаң чогуу көрөлү, сага бир жери түшүнүксүз болсо, түшүндүрүп бергенге аракет кылам."
Жумуштарымды бүтүргүчө балама мультфильм коюп берип коём. Балдар канча жашынан баштап өз алдынча телевизор көрсө болот?
5 жаштан баштап жалгыз көрсө болот. Жашына ылайык келген мультфильм коюп берсеңиз зыяны жок. Жанында ата-энеси же чоң адам бар болсо бала өзүн жакшы сезет.
Балаңыз кичинекей болсо, мултиктерди азайтып, аны менен көбүрөөк байланышта болуңуз.
Сыналгынын алдында канча саат олтурат жана андан кийин өзүн кандай алып жүрөт байкап туруңуз. Телевизор, гаджет ата-эненин ордун баспаш керек. Балаңыздын тарбиялоочусу кино болуп калбасын!
Баламдын компьютерине кирсем "18+" тасмаларын көрүптүр. Эмне кылсам болот?
Балаңызды кантип көзөмөлдөйсүз? Тыюу салганыңызга көңүл бурбаса, балким, балаңыз чоңоюп, бир нерсени жашырууга жетишип калгандыр (айрыкча, өспүрүмдөр)? Тим коюңуз, балаңыздын да жеке жашоосу, сырлары бар экенин кабыл алыңыз. Колдон келишинче ачык жана ишенимдүү мамиле куруу керек.
Эгер ата-энелер өздөрү көргөн кино, спектакль же окуган китеби тууралуу ой бөлүшүп кандай таасир алгандыгын айтып берип бала менен бөлүшсө, ал дагы өз оюн ачык билдирип, башкалардын пикирин угуп, анализдегенди үйрөнүп калат. Сиздин далилдериңизге кошулса, азырынча ага ылайык келбеген кинону көрбөй турууга макул болот. Эң негизгиси - ишеним!
Кээде ата-энелерди алдап "16+" ордуна "18+" деп жазып коюшат. Кинонун рейтинги канча жашка ылайык экенин кантип билсе болот?
Мүмкүн болсо, биринчи, кинону өзүңүз көрүп чыгыңыз. Тасма тууралуу жакындарыңыздын пикирин угуңуз. Балаңыз менен ачык сүйлөшүп, кооптонууларыңызды айтыңыз.
Ата-энелер үчүн сунуш
Балаңыздын табитин калыптандыруу үчүн сапаттуу жана жаш курагына ылайыктуу тасмаларды тандаңыз. Кинолорду же мультфильмдерди чогуу көрүп, андагы окуяны, каармандарды, алар туш болгон кырдаалды талкуулаңыз. Мунун баары ортодогу мамилени бекемдейт.
Булак: "bilesinbi.kg"